Эсимде

ТАГДЫР ЖАНА ТАРЫХ: 75 ЖЫЛ АТАСЫН КҮТКӨНДӨР...

Тарыхты адамзат башынан кечирген олуттуу окуялар, коомчулук, анын ичинде ар бир адамдын жеке тагдыры да түзөөрү белгилүү. Репрессия темасына кайрылган учурда көпчүлүк элдин анын капшабына кабылганы жөнүндө өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ачык айтыла баштады. Учурда репрессиялангандардын өздөрү жок, ал турсун балдары да саналуу эле калды. Алар узак мезгил бою оор окуяларды жүрөк түпкүрүнө сактап, бирөөгө сыр кылып айткандан да чочулап, “эл душманынын баласы” деген аталыш менен корунуп, кемсинип, укуктары чектелип жашап келишти. Постсоветтик айрым өлкөлөрдө репрессиялангандарды акташып, алар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып, компенсация ыйгарышса, бизде болсо (акталганы менен) компенсация тургай, бүгүнкү күнгө чейин ого бетер табышмакка айлантып, атайын кызматтар “жарандык согушка алып келиши ыктымал” деген курулай шылтоо менен маалыматтарды жаап-жашырып келүүдө. Чындыгында, учурда элдин аны туура кабылдоого аң сезими деле жетилип калды го же дагы эле орто кылымдык түшүнүк менен жашай беребизби деген суроо жаралат. Ал эми репрессияга учурагандардын жеке тагдыры небере-чөбөрөлөрү үчүн мааниси канчалык экендигин чындыгында айта албайсың. Бирок атаны, айрым учурларда энени да балдарынан ажыраткан, тууган менен тууганды катыштырбай койгон жүрөк үшүн алган жеке трагедиялар менен коштолгон азаптуу окуялардын келечекте кайталанбашы үчүн аларды унутта калтырбастан, элге дайын кылууну туура таптык.


Репрессиянын жүрүшүндө кыргызстандыктардын Россия, Украина, Казакстан, Өзбекстанга айдалганы белгилүү. Алардын ичинен 4000 кмден ашуун аралыкта жайгашкан Украинага кандайча айдалып кетишкендиги жөнүндө кыскача маалымат бере кетсек. Совет бийлиги орногондон кийин коомдо абдан татаал социалдык маселелер жаралган. Биринчи күндөн эле бийликтин “Жер жөнүндө декрети” жарыяланып, жер-суу реформалары жүргүзүлө баштаган. Анын негизинде орус жана кыргыз дыйкандарынын ортосундагы колониялык мезгилден калган теңсиздикти жоюу, бай-манаптардын жерлерин ортоктошторуу иштери жүргүзүлөт. Коллективдештирүүнүн жүрүшүндө кыргыз эли үчүн бир катар жакшы саамалыктар, тактап айтканда көчмөн элдин отурукташуусу, айыл-кыштактардын көбөйүшү, аларда оорукана, мектеп, клубдардын ачылышы ж.б. менен коштолгондугун тана албайбыз. Ошону менен катар эле анын кесепеттери да арбын экендиги учурда ачык айтыла баштады. Алардын бири – кулактарды же болбосо, бай-манаптар жана алар менен катар эле орто чарбачыл адамдардын да тап катары жоюу иш чараларынын ишке ашырылышы. Кулактарды жаңы бийликке коркунуч келтире турган күч катары эсептешип, аларды Кыргызстандан сырткары аймактарга мажбурлап көчүрүшкөн. Буларды белгилеп жатканыбыздын себеби, Украинага айдалгандардын катарында биздин чоң атабыз (тагыраак айтканда, жолдошумдун чоң атасы) Ниязалы Ашыр уулунун да айдалгандыгы. Окумуштуу З.Алтымышованын маалыматтары боюнча, 1931-жылы август айында Украинага айдалган кыргызстандыктар Одесса облусундагы Харлов районуна жана Николаев облусундагы Скадовск районунун Чалбасы кыштагында (азыркы Херсон облусу, Цюрипинск району, Виноградово кыштагы) жайгаштырылган. Украинага айдалып кеткен Ашыр уулу Ниязалынын уулдары Ниязалиев Бейше (1931–2015) жана Кубатбек учурда Москва районунун Петровка айылында жашашат.


90-жылдары эл ичинде ата-тегине, деги эле кыргыз элинин тарыхына кызыккандардын саны артты. Ошол учурда Бейше атанын жанына чогулган балдары, неберелери: “ата, биздин дагы жети атабызды сурап калышууда, ошолорду айтып бербейсизби?” деп сурап калышты. Мен дагы кызыгып кулак салдым. Ата оор күрсүнүп, “балдарым, айтышчу эле, жети атасын билбеген кул деп, мен да ошондой кулмун” деп жашып, жер чукулады. Баарыбыз ыңгайсыз абалда калдык. Көзүн жуумп бир далай олтуруп, анан сөзүн баштады: “апамдын, айылдаштарыбыздын айтканы боюнча, атам Ниязалы бардар жашаган соодагер экен. Тез-тез эле Анжиян, Наманган, Талас аймактарын түрө кыдырып, соода кылып, үйүбүздөн эл үзүлбөй, акчаны арбын таап, тууган-урукка тең караган адам болгон, дешет. Үйүндө кайтканда күн сайын согум союлуп, апаларыбыз, жок дегенде күн алыс сойдурсаң боло, деп нааразы болушчу экен. Апаларыбыз дегеним, атамдын эки аялы болгон. Биринчи аялы Жумагүлдүн балдары токтобой, балалуу болууну эңсеген үй бүлө кеңешип, кийин атам бир топко барып калганда экинчи аялын (Үмүрбаева Дилде) алыптыр. Алар эл таң калгандай ынтымактуу, эже-сиңдидей ээрчишип оокат кылышчу экен. Ал ортодо Сатар, андан кийин Нурийла деген кыз багып алышат. Сатарды атам Ташкентке окууга алпарып киргизет. Кайсы окуу жайы экенин билбейм, медицина жаатында деп да айтышат. Көп узабай эле алардын үйү да бакытка бөлөнүп, көптөн күткөн баланын ыңаалаган үнүн угушат. Уулдуу болушуп, атын Бейше деп коюшат. Бирок бул бактылуу учурлар узакка созулбастан, 30-жылдары атабызды кулакка тартышып, Украинага айдашат. Ошол учурда алардын колунда наристе (апам Дилде көз жарган соң, мени дароо эле Жумагүл апам багып баштаптыр) болгондуктан, аялдарды калып калсаңар болот, деп уруксат беришет. Бирок апаларыбыз өмүрлүк жолдошунан калгысы келбей, атам менен кошо белгисиз тарапка жол тартышат. Анткени, калганда деле эч ким каралашпасын жакшы түшүнүшкөн го. Ниязалы суракка алына баштагандан тартып эле туугандары сыртын салып калышканын кийин апам айтып калчы эле”, деп эскерди.
Жол азабы, көр азабы демекчи, поездде бара жатканда Казакстандын чөлүнөн өткөн учурда тар купеде тыгылып кетип бара жаткандар күндүн аптабынан аба жетпей, дем кыстыгып, абдан кыйналышат. Айрыкча балдарга кыйын болот. Ошондо Бейшени апасы колуна көтөрүп, терезеге жакындоого аракет кылган, бирок элдин көптүгүнөн жете албайт. Ага боору ооруган купедегилер баланы колдон колго өткөрүп, терезеге жакындатып, дем алдырышканын айтчу эле. Багынанбы же тагдырынанбы, айтор наристе аман калат. Ал эми тагдырдын оор сыноосуна моюн сунгусу келбеген бакма уулу Сатар Украинадан Кыргызстанга эки ирет качкан экен. Бирок, аны айылдаштары эле кармап беришип, экинчи ирет качканда жазалоо иретинде, атайылап сыртынан ич тарабына мыктын учун чыгарып каккан жыгач вагондо (товардык) алып барышкан дешет. Анда жөлөнгөнгө да мүмкүнчүлүк болбой, кээде тизелеп, кээде тикесинен тик туруп кыйналып жеткендигин айткан экен. Украинага жеткен Сатардын мурдунан аккан кан токтобой, дүйнөдөн кайтыптыр. Оор окуяларды башынан кечиришкен Ниязалы Ашировдун үй бүлөсү мекендештери менен Украинанын Чалбасы кыштагынан орун-очок алып, туруп калышкан. Уулу Бейше да эс тартып, мектепте окуп калат. Анын айтканы боюнча, мектепке атайын элдин суроо-талабы менен Кыргызстандан мугалимдерди чакыртышып, ошолор балдарды окутушкан.


Белгилей кетчү нерсе, алардын ичинде келечектеги академик, тарых илимдеринин доктору Бегимаалы Жамгерчинов жубайы менен барып, эки жылдай (1938–1939-жж.) мектептин директору, эже болсо мугалим болуп иштеген. Чындыгында эле ошол учурда “Украинадагы атайын көчүрүлгөн (спецпереселенцы) кыргыздардын мектебине мугалимдерди мобилизациялоо жөнүндө” кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында Б.Жамгерчинов Кыргыз ССР Агартуу эл комиссариаты жана Коммунисттик жаштар союзу (ЛКСМ) тарабынан Украинага жөнөтүлгөн. Чалбасы кыштагындагы мектептин 5–7-класстарында ал кыргыз тилинде тарых, математика, география ж.б. сабактарды окуткан[1]. Б.Жамгерчиновдун уулу, тарых илимдеринин доктору Медил Жамгерчинов атасынын ошол өтө кооптуу мезгилде, саясий репрессиянын учурунда Украинада болгону да аны чоң апааттан сактап калган деп эскерет.
Чалбасыда окуп-билим алышкан жаштар өз эне тилинде, ошондой эле орус жана украин тилдеринде билим алып, мектепте дене тарбия, музыкадан да сабатын жоюшкан. Элдин турмушу бир аз оңолуп, барган жердин шартына көнүшүп, дыйканчылык менен алектене башташкан. Алардын жашоо-шарты жөнүндө Чалбасыда жашап, иштеп кеткен Беш-Көрүк айылынын тургуну Назаров Чөкө (1924–2016) деген 91 жаштагы карыядан 2015-жылы изилдөөчү Зухра Алтымышова менен чогуу барып, интервью алгандагы маалыматтар менен толуктоону туура көрдүк. Аны угуп олтуруп, ушундай куракка келгендигине карабастан, акыл-эси тунук, эс-тутуму бекем экендигине күбө болдук. Чөкө Назаровдон мурда белгисиз маалыматтарды алгандыбызга карабастан, бир аз гана бөлүгүн берүүнү ылайык таптык: “алгач көчүп келип жайгашканда, уруу-уруу болуп көчөлөргө бөлүндүк. 1–2-көчө саяктар, 3–4- солтолор болсо, 5–6-таластыктар ж.б. Жаныбызда дагы бир кыштакка өзбектер жайгашты. Алар өздөрү менен ала келген уруктарды сээп, коон-дарбыз ж.б. өстүрүшүп, дыйканчылык кылышып, бизден бир кыйла тың жашашты. Кыргыздар болсо мурда көбүнчө мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, дыйканчылыктын сырларын адеп өздөштүрө алышпай кыйналышты. Украинада негизинен алма, алмурут, картошка, помидор ж.б. айдалат экен. Алардан көп нерсени үйрөнүшүп, дарбыз, жүгөрү, күнкарама да айдай башташты. Ал эми аялдар болсо, көбүнчө байлардын аялдары экен, үй-турмуш иштерине бышпаган, мурда үй кызматкерлерин жумшаган, ошондуктан аларга абдан кыйын болду. Бара-бара алар да турмуштун ысык-суугуна бышып көнүштү. Украин аялдардан сайма саюуну өздөштүрүшүп, өздөрү да кийим тигип, көйнөктөрдүн этек-жеңин саймалап берип, каражат да таба башташкан”, деп эскерди. Биз ал кишиден Ниязалы туурасында да сурасак, ал: “ооба, аны билем. Ал кушчу уруусунан чыккан такыба адам эле. Ниязалынын эки аялы болуп, алар өтө ынтымактуу болгондуктан, Аксай, Көксай деп аташаар эле (Таластагы эки дарыянын атынан)”, деп жооп берди.


Чындыгында эле жер шартына көнө баштаган элдин турмушу бир аз оңолуп, “Новый путь” деген колхоз уюштурушат. Бирок, 1938-жылы жалпы союздук масштабда күчөгөн саясий репрессиянын капшабы Украинага айдалгандарга чейин жеткен. Ошол эле жылдын кыш айларында Ниязалыны да кеңеш бийлигине каршы уюштурулган жашыруун уюмдун мүчөсү деген жалган жалаа менен суракка алганы айдап кетишет. Кармалгандар менен кошо Скадовский районунун борборундагы түрмөгө камалат. Үй бүлөсү ага колунан келишинче, тамак-аш ташып турушкан. Ошентип, Украинага айдалгандар алгач кулакка тартылышып, эл-жеринен алыска айдалып жазаланышса, экинчи ирет саясий репрессиянын капшабына кабылышат.
Чындыгында эле алардын репрессияга кабылышкандыгы тууралуу изилдөөчү З.Алтымышова берген Украинанын Херсон облустук Державний архивинин материалдарында тастыкталып турат. Андагы маалыматтарда, 1938-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан Украинага көчүрүлгөндөрдүн арасынан жалпысынан 63 киши кармалып, Украин ССРинин Жаза Кодексинин 54-2, 54-7, 54-10, 54-11 статьялары боюнча жоопко тартылган. Аларга «1931–38-жылдар аралыгында Скадовск районунда жашап жаткан учурда жашыруун контрреволюциялык улутчул уюм түзүшүп, анын мүчөлөрү болушкан, Совет бийлигине каршы контрагитация жана ишмердүүлүк жүргүзүшүп, «Новый Путь» колхозун бүлдүрүүнү максат кылышкан, эски бай-манап укуктарын, уруулук таасирин жандандырууга аракеттенишкен жана мурда Кыргызстанда басмачылардын Кеңеш бийлигине каршы куралдуу күрөшүнө катышышкан» сыяктуу айыптар коюлган. Ал эми Чалбасы кыштагынан Сатаркул Жангарачев (1888-жылы туулган), Кыдырбаев Абдылас (1903), Кундубаев Сагын (1895), Байбосунов Арун (1907), Байбосунов Кожогул (1895), Бактыгулов Бейше (1889), Сатаев Бопой (1893), Аширов Ниязалы (1885), Жанузаков Исраил (1911), Жанузаков Исак (1906), Султанов Жапания (1897) жылы туулган Камакка алынгандардын тогузуна атуу өкүмү, эки гана кишиге Байбосунов Арун жана Жанузаков Исраилге 10 жылга эмгек түзөтүү лагерине жөнөтүү өкүмү чыгарылган. Өкүм 1938-жылы май айында атылган[2].
28 жылдан кийин гана, тактап айтканда 1960-жылы январь-март айларында Одесса Аскердик Округунун Аскердик Прокуратурасы жана Херсон облустук Мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан камалган кыргыздардын соттуулугунун тууралыгы текшерилген. 1959-жылы күбө катары суралгандар Чалбасыда жашаган кыргыздардын арасында эч кандай уюмдун болбогондугу, алардын ак ниет иштешкендиги, эч кимисинин Кеңеш бийлигине каршы чыкпагандыгы жөнүндө көрсөтмө беришкен. Ошол эле учурда Кыргыз, Түркмөн, Өзбек ССР Борбордук Архивдериндеги маалыматтардан алардын басмачылардын катарында Кеңеш бийлигине каршы күрөшпөгөндүгү такталган. Репрессияланган кыргыздардын Скадовск районунда жашыруун контрреволюциялык уюмду түзүшпөгөндүгү аныкталып, коомчулукка белгилүү болгон.[3]


Ниязалы Ашыр уулу да атууга өкүм чыгарылгандардын катарында 1938-жылы 3-апрелде атылган. Бирок бул тууралуу анын үй бүлөсү билген эмес. Дагы бир топко чейин түрмөгө тамак-аш ташып бара беришкен. Ошол жылы күзүндө Ниязалынын кош бойлуу жубайы көз жарып, дагы бир уулдуу болушат. Муну жакшылыкка жорушуп, алсыраган эки эне арка-бел болсун деп ниет кылышып, наристенин атын Кубатбек деп аташат. Бул арада Ата Мекендик согуш да башталып, ал жердеги кыргыздардын айрымдарын, Чөкө Назаровдун эскерүүсү боюнча Карагандыга шахтыга 100дөн ашык кишини алып кетишкен. Чалбасы кыштагы баскынчылардын колунда калган. Бирок Чөкөнүн айтканы боюнча, немистер кыргыздарга анчалык кысым жасашкан эмес, балким алардын айдалып келгенин билишкенден кийин Совет бийлигине каршы пайдаланууну көздөшкөндүр. Кыргыздардан алар азык-түлүктөрдү сатып алып турушкан. Ошол учурда майдын баасы – 3 марка, эт – 2 марка болгон экен. Жумуртканы да арбын сатып алып турушкан (10 жумуртканы 2 маркага алышкан). Чөкө Назаровдун эскерүүсү боюнча, Германиялык аскерлердин катарында румындар да көп болгон, алар кыргыздардан эт, сүт жана жумуртканы алып, акчасын төлөшчү эмес дейт. Өзү 17лердеги жаш улан немис тилин жакшы билгендиктен, жергиликтүү эл менен немистердин ортосунда котормочу болуп жүрөт. Аны Чалбасы кыштагындагы эки кабаттуу кампага кароолчу да кылып дайындашат. Кыштактагы кыргыздар: “Сен немистерден бизге жер айдаганга жардам беришин сурап бер, алардын арасында жүрөсүң” дешти. Мен баш тартып, “алардан кантип сурайм, зыян тартып калабыз го”, десем болбой коюшту. Ошондо немистердин турмушун, тартибин түшүнө баштаган мен аларга: “андай болсо, эртең комендантурага чогулуп барабыз. Сакал-мурутуңарды алып, таза кийинип, насвайыңарды таштап, мурдуңарды тартпай, алар олтур демейинче, туруп турасыңар, эгер макул болсо, “данке шён” деп айтасыңар дедим. Эртеси коменданттын алдына келип, элдин көйгөйүн айтып, жер айдабасак, кеч болуп каларын түшүндүрдүм. Арыз-муңубузду уккан соң ал: “мынча келиптирсиңер, адамга өлмөйүнчө оокат керек, эки өгүз менен жер чийдирип берем”, деди. Айткандарын которуп элди карасам, мен үйрөткөндөй “даңке, даңке” деп колдорун бооруна алып, улуам-улам баштарын ийип турушуптур, аны көргөн аскерлер кыраан-каткы күлүп жатышты. Эртеси алар бир-эки саатта эле техникасы менен жер айдап беришти. Айдалган жерге кара буудай (рожь) ж.б. сээп алдык...”[4].


1943-жылы Украина бошотулгандан кийин Чалбасыдагы кыргыздарга эл-жерине кайтууга уруксат берилген. Ниязалынын бар-жогун билбей, сарсанаа тарткан үй бүлөсү, балким артыбыздан келип калабы деп, ата журту көздөн учкан мекендештери менен Кыргызстанга жол тартышат. Улуу уулу Бейше ошол мезгилде кол арага жарап, 14 жашта болсо, кичүүсү Кубатбек 5 жашта эле. Алар 1945-жылы 1-январда Украинадан товар ташыган поездге түшүп, улам которулуп отуруп, 20 күн дегенде Беловодскиге келип түшүшөт.
Кайтып келгендер кайрадан оор турмушка кабылган, анткени алардын жашай турган үй-жайы, жээрге азыгы болбогон. Албетте, бул учурда согуш жаңыдан аяктап, эл өзү да каржалып турган мезгил болсо, бир жагынан репрессияга кабылгандар менен катышкандан дагы деле болсо чочулап турушкан. Ошондуктан, эки эне балдары менен Дилде апанын жездеси Малабаев Иманалы деген адамдын үйүнө келип баш калкалап, бир-эки жыл турушат. Албетте, аларга деле беш адамды батыруу кыйын болгон. Эки жылдан кийин аларды да жүдөтпөйлү дешип, жездеси менен эжесине ыраазылыгын билдиришип чыгып кетишет да күзгө чейин эки аял алгач алачык жасап, сыртын шыбап баш калкалап, эптеп кышты өткөрүшөт. Кийинки жылы жаз алды менен Украинадан көрүп келгендей ылай менен үй салганга аракет кылып дубал көтөрүп, үй салышат. Кийин колхозго кирип, балдарын багышат. Ушундай оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн энелеринин абдан ынтымактуу болгондугун жана экөө тең балдарды жанынан артык көрүп, бирдей кам көрүшкөндүгүн уулдары эчен ирет эскеришет. Булардын ынтымагын көргөн айылдаштары эки аялдын эгиздердей оокат кылганына, кайраттуулугуна таң беришчү экен.

Дилде апа небереси Кынатай менен

Балдардын улуусу Бейше атабыз окуусун андан ары улантып, сегизинчи класстан тартып, Москва районундагы Буденный орто мектебин окуп аяктаган. Анын айтканына караганда, Украинада окуп келгендердин баары эле жакшы окуган. Бейше атабыз окууну аяктар менен эле үй бүлөгө кам көрүү түйшүгүн мойнуна алып, алгач китепканада, кийин айылдык кеңешке катчы, анан төрагасы болуп иштеген. Экинчи уулу Кубатбек Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын бүтүрөт. Ал атасынын дайнын билүү үмүтү менен Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетине да кирген. Бирок албетте, ал учурда маалымат алуу кыйын болгондуктан, атасы тууралуу эч кандай кабар ала алган эмес. Эки эне болсо, өмүрүнүн аягына чейин үмүт үзбөй Ниязалыны күтүшүп, бирок балдарынын аман калганына, алардын очор-бачар болуп, неберелерин көргөндөрүнө каниет кылып жашашып, дүйнөдөн өтүштү.
Атасын аз да болсо көрүп-билип калган балдарынын улуусу атасынын элесин бир көрүүнү эңсеп өтсө, кичүүсү Кубатбек атасынын кандай адам экендиги жөнүндө энелеринин айтканынан гана бир аз билип, бар-жогу анчалык маанилүүдөй деле сезилбегендигин мойнуна алат. Балким, мындай сезим ошол мезгилде согуштан кийин атасыз жетим өскөн балдардын көптүгүнөн болсо керек. Ошондой болсо да анда-санда атасынын жанында жүргөн балдарды көргөндө менин да атам болсо кана, деп өкүнгөндүгүн айтат.

Солдон оңго биринчиси – Бейше Ниязалиев, үстүңкү катардагы экинчиси – Кубатбек Ниязалиев уулдары – Рашид, Руслан менен 1980-ж.
Бирок, кийин жакында эле 2013-жылы Бейше, Кубатбек аталарыбыз кокусунан изилдөөчү З.Алтымышованын макаласын окуп, андагы Херсон облустук архивинин маалыматтары менен таанышып, атасы Ниязалынын 1938-жылы эле атылып кеткендигин билип, бир эсе атасы жаңыдан өлгөндөй, бир эсе эмне болсо да кабарын уккандыгына, ошону менен бирге эле анын жазыксыз жерден оор жазага кабылганына, 75 жылга созулган күтүүнүн аягы ушинтип бүткөнүнө же сүйүнөрүн же күйүнөрүн билишпей, оор күндөрдү эске түшүрүштү. Небере-чөбүрөлөрү чогулуп, чоң атасы Ниязалынын арбагына арнап куран окутушуп, эскеришти. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин Бейше атабыз дүйнөдөн кайтты. Кеч болсо да өмүр бою күткөн атасы жөнүндө кабардар болгондугуна ыраазы экендигин билдире кетти...
Ушуларды жазып жатып, бүгүнкү күндө айрым адамдардан жети атасын санагысы келбей ыргылжың тартканын көрүп, дайыма Бейше атабыздын көзүнүн жашын куюлтуп, “мага аларды айтып берген адам болгон жок. Атасыз өстүк, жакын туугандар бизден алыс болууга аракеттенгендиктен, сурап-билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок”, деп айтканы көз алдыма тартылат. Буга ким күнөөлүү, бийликпи, системабы же татаал тагдырбы? Азыр деле канчалаган ата-энесинен эрте ажыраган, айрым учурларда атасын эле эмес, энесин да дегеле көрбөгөн балдар да коомчулукта арбын кездешет. Алар менен сүйлөшкөн учурда, кыргыздарда кеңири тараган, биз сыймыктанган жети атасы тууралуу кептерди укканда, алардын кандай абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан, ансыз деле тагдырдын оор сыноосуна кабылган өкүттө калган адамдар же болбосо, өсүп келе жаткан “аялуу катмар” болгон жаштарга калыптанып калган “жети атасы” тууралуу түшүнүктөн тышкары, “мекенчилдик”, “гуманизм”, “ыймандуулук”, “үй бүлөнүн ыйыктыгы” ж.б. сыяктуу түшүнүктөрдү аң сезимине сиңирүүгө аракет жасоо керек экендигин эске алсак болор эле.
Мындан эки жыл мурун ишсапар менен Киев шаарына барып калдык. Ал жерде архивдердин, айрыкча Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын архиви кандай тартипте иштегени бизди кызыктырды. Улуттук коопсуздук кызматынын архивине барган учурда, алар сылык-сыпаа тосуп алышып, архивдин чакан окуу залы, заказдарды кабыл алуучу бөлмөсү жана документтер сакталган (сактоого ыңгайлуу, бардык шарттары бар) залын көрсөтүштү. Бизди кызыктырган 1937–38-жылдардагы документтерди кантип колго бересиңер, деп сураган учурда, алар: “каалоочулар үчүн эшик ачык, арыз жазып беришсе, бардык документтерин таап беребиз”, дешти. Бул жашыруун эмеспи десек, “жок мамлекеттин (СССРдин) документтерин эмнеге жашыруун сыр кылып жашырышыбыз керек?”, деп жооп беришти. Буга далил катары, алар Киевде сакталып турган Украинага айдалып, көчүрүлүп келген кыргыздар тууралуу азын-оолак архивдик маалыматтарды, сүрөттөрдүн копиясын жөн эле көчүрүп берип, таң калтырышты.


Украина Улуттук коопсуздук кызматынын архивиндеги документтер, 2019-ж.
Алардан толугураак маалыматты кайдан алсак болот, деп сураганыбызда, Херсон жана Одесса облустук архивдеринен сураштыргыла, дешти. Учурда бир азыраак изилдөөчүлөр ал жерлерден документтерди алып келип, тарыхыбыздын актай барактарын толтурууга аракеттерди жасап жатышат. Биз болсо, өзүбүздөгү Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде сакталып турган 20000ден ашуун адамдын тагдырлары камтылган материалдар менен саналуу гана адамдар таанышкандыгын өкүнүч менен салыштырдык. Макаланы даярдап жатып Ниязалы чоң атабыздын бир да сүрөтү, документтери сакталбагандыгын өкүнүч менен билдирип жатып, балким алдыдагы изилдөөлөрдө Украинанын архивдеринен алына турган документтердин арасында башка дагы көптөгөн дайынсыз адамдар менен кошо анын да сүрөттөрү же башка дагы маалыматтар табылат, деген үмүттөмүн. Анткени, ар бир адамдын өмүрү, тагдыры өлкөнүн негизги байлыгы экендигин эстен чыгарбасак...

Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхынын бөлүм башчысы.


[1] Грандин И. Н. Академик Джамгерчинов – видный ученый историк, общественный деятель и педагог Кыргызстана. Канд.дисс. Бишкек, 2007.
[2] Алтымышова З. Державний Архив Херсонской Области Украина, ф.4033, оп. 5., д.233, л.245–245 об.
[3] Державний Архiв Херсонської Областi Україна, ф.4033, оп.5, д.233, л.391.
[4] Интервьюдан 2015-ж. март, Беш-Көрүк айылы.



esimde.org
http://deport.esimde.org/
Made on
Tilda