эсимде
Тема: 1937-38-жылдары Украинада репрессияланган кыргызстандыктар

С.А.Арстанов, т.и.к., ОшМУнун доценти





Макалада 1930-жылдардын башында Украинага сүргүнгө айдалып барып, 1937-38жылдары репрессия саясатына кабылган кыргызстандыктардын турмушу архив материалдарына таянуу менен чагылдырылды.

1931-жылы 29-июнда ВКП (б) БКнын Орто Азиялык бюросу тарабынан “Кулак чарбаларын көчүрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык августан - сентябрга чейинки аралыкта Орто Азиядан Украинага, Түндүк Кавказга 6 миң кулак чарбалары көчүрүлсө, анын 700 дөн ашыгын Кыргызстандык кулак чарбалары түзгөн. 1932-жылдын 3-декабрындагы ВКП (б) нын Кыргыз Обкомунун “Колхоздорду кулак жана бай-манаптардан тазалоо жөнүндө” токтому да коллективдүү чарбалардын социалдык курамын бай-манап жана кулак чарбаларынан тазалоодо абдан чоң мааниге ээ болгон. Ишке ашырылган чаралардын натыйжасында, 1930-жылдардын ортосунда кулактар Кыргызстандын аймагында тап катары негизинен жоюлгандыгы советтик тарыхнаамада1 белгиленип келген. 1931-33-жылдары Орто Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан кулакка тартылгандар негизинен Украинага (Херсон, Одесса облустары), Түндүк Кавказга (Ставрополь крайы) пахта өстүрүү совхоздоруна жана Түндүк Казакстанга буудай өстүрүү совхоздоруна жана өндүрүш обьектилерине көчүрүлгөн. 1933-жылга Орто Азиядан 500 чарба, үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо 2000 адам кулакка тартыла тургандыгы көрсөтмөлүү планда бекитилген.2 Атайын көчүрүлгөндөрдүн көпчүлүгү оор, жетишпеген турмуштан, ачкачылыктан, жаңы климаттык өзгөчөлүктөргө көнө
1 История коллективизации сельского хозяйства в Киргизии (1929-34 гг.): документы и материалы. -Фрунзе: Кыргызстан, 1989. С. 8. 2 ЦА ФСБ РФ, ф. 3, оп. 2, д. 449, л. 9.
албагандыктан жана туулган жерине, жакындарына болгон кусалыктан азап тартуу менен каза болушкан. Өзгөчө жаш балдардын өлүмү жогору болгон. СССР Жер иштери Эл комиссары М.А.Черновдун 1933-жылдын 7майында ВКП (б) БК жана СССР Эл комиссарлар кеңешине жазган билдирүүсүндө, Украинанын пахтачылык совхоздорунда 3759 атайын көчүрүлгөндөр, үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо 11000 адам бар экендиги жана аларды нан менен камсыздоо үчүн 120 тонна эгин зарыл экендиги белгиленет. ВКП (б) БКнын 1933-жылдын 10-майындагы № 137, П. 85/72 токтомунда3 Одесса облусунун пахтачылык совхозунда иштешкен атайын көчүрүлгөндөр үчүн, жаңы түшүм алынганда мамлекетке кайтарып берүү шарты менен 120 тонна буудай бөлүп берүү чечими көрсөтүлгөн. Украинанын Харьков облусунун жашыруун-саясий бөлүмүнүн башчысы Осиндин 1933-жылдын 10-июнундагы билдирүүсүндө азык-түлүк тартыштыгынан облустун 61 району, анын ичинде 607 калктуу пункттар жапа чеккени белгиленет. Ошондой эле ачкачылыктын айынан өлүктөрдү жана адамдарды тамак катары пайдаланган фактылар келтирилген. Мисалы, облустун 21-районунда 1-10-июнь аралыгында ушундай 33 факты, 41районунда 245 факты катталганы билдирилет. Мындай оор абал өлкөнүн башка аймактарына көчүрүлгөндөргө да тиешелүү болгондугун архив материалдары тастыктап турат. ОГПУ өкүлү Сидоровдун 1933-жылдын 3-сентябрындагы “Казакстандагы Караганды лагериндеги атайын көчүрүлгөндөрдү камсыздоодогу жетишпестиктер жөнүндө” аттуу билдирүүсү4 өзгөчө көңүл бурат. Анда “Караганды лагериндеги атайын көчүрүлгөндөрдү тамак-аш менен камсыздоо курч абалда. Июль айында ачкачылыктан шишип, 722 адам өлгөн. Жыл башынан бери өлгөндөрдүн саны 7000ге жеткен жана 2210 адам ачкачылыктан шишип, өлүм алдында турат” деген маалымат берилген.
3 Трагедия среднеазиатского кишлака: коллективизация, раскулачивание, ссылка, 1929-1955гг. докум. и материалы. в 3 т. / Сост.: Р.Т. Шамсутдинов, Б.М.Расулов; Под ред. Д.А. Алимовой. Ташкент: Шарк, 2006, т.1. стр 167-168. 4 ЦА ФСБ РФ, ф. 2, оп. 11, д. 1310, л. 123-124.
Маалымат иретинде белгилесек, СССР Ички иштер эл комиссары Г.Ягоданын И.В. Сталинге 1935-жылдын 1-июлунда жазган билдирүүсүндө төмөндөгүдөй фактылар келтирилет: Атайын көчүрүлгөндөрдүн саны ай сайын өсүүдө 1934-жылдын 1-октябрында 709000 киши болсо, 1935-жылдын 1-январында 752000ге жетти. НКВД лагерлерине камалгандар төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: Дмитровский лагеринде – 196000, Байкал-Амур лагеринде – 151000, Беломор-Балтия комбинатында – 71000, Ухтинско-Печора лагеринде – 21000, Ыраакы Чыгыш лагеринде – 60000, Сибирь лагеринде 63000, Темниковский лагеринде 35000, Караганды лагеринде 26000, Орто Азия лагеринде 26000 адам кармалып турган5. Ушул билдирүүдө ар бир лагерде 1934-жылда аткарылган иштер жана 1935-жылдын иш-планы кошо берилген. Мисалы, Орто Азия лагеринин 1935-жылдагы планында Текстилькурулуш, Чирчиккурулуш, Шахрудкурулуш, Чүй Лубтрестинде жана “Пахта Арал” совхозунда бөлнгөн жумуштарды аткаруу кирген. Украинага айдалган кыргызстандыктардын баары эле кыргыздар болушкан эмес жана алардын ичинде падышалык мезгилде көчүп келип, жашап калган орустар да бар эле. Мисалы, жаңы экономикалык саясат (НЭП) мезгилинде бутуна туруп байып кеткен көлдүк (Челпек айылынан) Шаргаев Садык, 1919-жылкы Караколдогу көтөрүлүштүн катышуучусу Семён Бодягин, сокулуктук тегирменчи Коробов Артём сыяктуулар да болушкан. Кыргызстандык кулактардын чоң тобу Украин ССРинин ошол кездеги Одесса облусунун Скадовский районундагы Чалбасы кыштагына жайгаштырылат (азыр Херсон облусуна карайт). Туулган жеринен алыс бөлөк эл бөтөн жерде күн кечирип жатышкан мекендештерибиз 1937-38-жылдары кайрадан кыйын кырдаалга учурагандыгын архив маалыматтары далилдеп турат. 1938-жылдын 9октябрында 61 кишини атуу жөнүндө СССРдин Ички иштер боюнча элдик комиссариатынын (НКВД) Николаев облустук үчилтигинин ("тройкасынын") өкүмү чыккан. Алардын ичинде "контрреволюциячыл кыргыз улуттук
5 ЦА ФСБ РФ, ф. 3. оn. 2. д. 414, л. 95-99.
көтөрүлүшчүл кыймылын түзгөн" деп айыпталган 12 кыргызстандык да болгон. Бул инсандар ал кездеги Кыргыз ССРинен Украинага 1931-33жырдары айдалып келгендер болушкан. Кыргызстандыктардан тышкары өзбек, казак, түркмөндөр болуп, 1938жылдын 9-октябрында 61 кишини атуу жөнүндөгү Николаев облустук үчилтигинин (тройкасынын) өкүмү кынтыксыз аткарылган. Дагы беш киши 10 жылга эмгек түзөтүү лагерине кесилген. Бардык 66 кишини ошол жылдын июль айында НКВДнын Скадовск райондук бөлүмү “антисоветтик ишмердик кылган” деп камаган болчу. Аларга күч органдары тарабынан таң калыштуу күнөөлөр тагылган. Мисалы,6 “жапон чалгындоо кызматынын тыңчылары”, “контрреволюциячыл кыргыз улуттук көтөрүлүшчүл кыймылы”, “контрреволюциячыл өзбек улуттук көтөрүлүшчүл кыймылы” деген сыяктуу уюмдарды түзүшкөн, активдүү катышкан ж.б. кылмыш түрлөрү ойлоп табылган. НКВДнын тергөөчүлөрү шантаж, уруп-сабоолорду, коркутуп-үркүтүүлөрдү, жалган жалааны колдонуп жатып, тузагына илинген кишини каалагандай сүйлөтө алгандыгы учурда баарыбызга белгилүү факт. 1930-жылдары кулакка тартылып Украинага айдалган айрым мекендештерибиздин 1937-38-жж. тагдырларына токтоло кетсек. Токторов Баргыбай 1911-жылы Өзгөн районунун Боор айылында туулган. Улуту – кыргыз. Социалдык абалы – дыйкан, мурда өзүнүн чарбасында иштеген. 1933-жылы 10 жылга сүргүнгө кесилген. Мөөнөтүн СССР НКВДнын Дмитриевск лагеринде өтөп, Волжский районундагы № 2 лагердик пунктта жалпы ишке тартылган. 1938-жылдын апрелинде Дмитриевск лагеринен камакка алынып, контрреволюционер жана совет бийлигине каршы үгүттөө боюнча айыпталган. Суракта “улутчулдук жана террорчулук көз-карашын билдирип, колхоздук түзүлүштү сындаган” көрсөтмөсүн берген. Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн 1938-жылдын 5-июнундагы чечими менен жогорку жазага – атууга өкүм кылынган. Анын сөөгү Бутово көрүстөнүнө
6 1937-жылы Украинада кыргыз улуттук кыймылын түзгөндөр // www.azattyk.org/
коюлган. 1990-жылдын 5-февралында өлгөндөн кийин акталган. 7 Онкобаев Бекболот 1872-жылы Кара-Кол районунун Кайнар айылында туулган. Улуту – кыргыз. Билимдүү. Социалдык абалы – манап. 1916-21жылдары Кытайда Турпан шаарында жашаган. 1921-жылы СССРдин чегарасын кесип өтүп, Кайнар айылында жашап калган. 1921-26-жылдары Жантаевдин басмачы тобунун жардамы менен советтик чегараны дайыма бузуп, контрабандалык иштерди жүргүзгөн. Басмачылар менен кызматташып, аларды курал-жарак, азык-түлүк менен камсыздап турган. Кытайдагы туугандары менен байланышып, СССРдеги жүргүзүлүп жаткан иштерди, калктын нааразычылыгы жөнүндө маалымат берип турган. Айыл чарбасын коллективдештирүүгө активдүү каршылык көрсөтүп, өзүнүн мал-мүлкүн жок кылган жана башкаларды да ушундай кылууга чакырган. Онкобаев Бекболот 1931-жылы кулакка тартылып, үй-бүлөсү менен Украинанын Николаев облусунун Скадовский районунун Чалбасы кыштагына көчүрүлүп келген. Башка көчүрүлүп келгендер менен бирге Чалбасыдагы “Новый путь” айыл чарба артелинде иштеген. Акыркы убакка чейин намаз окуп, башкаларды да кудайга ишенүүгө үгүттөп келген. 1938-жылдын 12февралында Онкобаев Бекболот жергиликтүү НКВД органдары тарабынан камакка алынып, СССР Кылмыш-жаза кодексинин 10-, 54-беренелери менен күнөөлөнгөн. Николаев облусунун НКВДсынын алдындагы “тройканын” катчысы Шейнберг тарабынан кол коюлган 1938-жылдын 13-апрелиндеги № 36 протоколдун негизинде Б. Онкобаев да жогорку жазага – атууга өкүм кылынган. Бирок, өкүм ишке ашкан эмес 18-майда Николаевдеги түрмөдө Бекболот Онкобаев каза болгон. СССР Жогорку Советинин “Репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча” 1989-жылдагы указынын негизинде акталган.8
7 Трагедия среднеазиатского кишлака: коллективизация, раскулачивание, ссылка, 1929-1955гг. докум. и материалы. в 3 т. / Сост.: Р.Т. Шамсутдинов, Б.М.Расулов; Под ред. Д.А. Алимовой. Ташкент: Шарк, 2006, т. 3. С. 94. 8 ГАХО Украины, ф. 4033, оп. 6, д. 609, л. 24.
Рахимбердиев Нурмухамеддин анкетасындагы маалыматтар: 1892-жылы Кара-Кол районунун Челпек айылында туулган. Азыркы дареги Николаев облусу Скадовский району Чалбасы кыштагы. Кызматы “Новый путь” артелинде атбагар. Паспорту жок. Билими төмөн. Социалдык теги – ири байманап. Улуту-калмак, үй-бүлөсүндө 5 адам бар, аялы – Халима, балдары – Шамшы, Төлөндү, кызы – Маврита. 1938-жылы февралда Скадовск райондук НКВД бөлүмү тарабынан камакка алынып, Херсонск түрмөсүнө камалган. Николаевск УНКВДнын алдындагы “тройканын” № 36 протоколу менен Рахимбердиев Нурмухамедге атууга өкүм чыгарылган. Ушул протоколдо Рахимбердиевдин революцияга чейин бай-манап болгондугу, Кытайга апийим ташыгандыгы белгиленген. Сурак учурунда “кеңеш бийлигине каршы үгүттөө жүргүзгөндүгүн, чыккынчылар Тухачевский, Якир ж.б. колдоп сүйлөгөндүгүн жана Сталиндик конституцияны жактабастыгын” мойнуна алган. Рахимбердиев Нурмухамеддин аялы Халима Рахимбердиеванын СССР Прокурору Вышинскийге 1939-жылдын 1-августундагы арызында төмөнкүдөй маалымат9 берилет: “Биз 1931-жылы Кыргызстандан Украинага жөнөтүлгөнбүз. Себеби, 1924-жылдагы Жер иштетүү комиссариатынын “Чыгыш элдеринде мал чарбачылыгын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна негизденип, биз малдарыбызды көбөйткөнбүз жана орто дыйкан болуп эсептелгенбиз. 1929жылы биз “Кызыл-Челпек” колхозуна киргенбиз. Бирок 1931-жылдын мартында бир катар айыл активдеринин жекече мамилесинен улам колхоздон чыгарылдык. Андан кийин 22-августта бизди башкалар менен кошо Украинага айдашты. 1931-жылдын сентябрынан менин күйөөм Украинадагы “Чаплинск” этсовхозунда чабан болуп иштей баштады. Созхоздо ал 1933-жылга чейин иштеп, эмгектин ударниги болуп, бир нече сыйлык алган. 1934-жылдан баштап, ал Скадовск районунун Чалбасы кыштагындагы “Новый путь” артелине кирип, атбагар болуп 1938-жылга чейин иштеди. Артелде 4 жыл жакшы иштегендиги үчүн бир нече жолу сыйланган, артель тарабынан үй
9 ГАХО Украины, ф. 4033, оп. 6, д. 689, л. 18.
берилди. Анын тез-тез сыйлык алгандыгын жана жакшы жашагандыгын көрө албагандар 1938-жылдын апрелинде жалган маалымат беришип, каматышты. Анын Херсон түрмөсүнө камалганынан башка бизде эч кандай маалымат жок, байланышыбыз да жок. Сизден суранарым Рахимбердиевдин ишин так карап, аны бошотууңузду, жалаа жапкандарды жоопко тартууңузду жана анын азыр кайсыл жерде экендигин мага билдирип коюуңузду суранам”. Архив материалдарынан алынган бул маалыматтарды окуп жатып, ошол кездеги күч органдарынын кызматкерлеринин өтө “кесипкөй” болушканына таң каласың. Мисалы, Рахимбердиевдин сабатсыз экендигин сурак протоколдору күбөлөп турат, анда сабатсыз болгон карапайым адамдын “Тухачевскийди колдоп сүйлөгөнүнө” кандайча ишенсек болот? Мындай суроолорго жооп жок. 1930-жылдары кулакка тартылгандар, кийинчерээк репрессиялангандар ошол доордун, кырдаалдын курмандыктары болушканы анык. Келечекте кыргыз тарыхнаамасында бул багытта толук кандуу илимий изилдөө жүргүзүү, баа берүү зарыл маселерден деген ойдобуз.

Колдонулган адабияттар жана булактар: 1. С.А.Арстанов Кыргызстандагы коллективдештирүүнүн белгисиз барактары. Ош, 2013. стр. 45-50. 2. История коллективизации сельского хозяйства в Киргизии (1929-34 гг.): документы и материалы. Фрунзе: Кыргызстан, 1989. стр. 8. 3. ЦА ФСБ РФ, ф. 3, оп. 2, д. 449, л. 9; д. 1310, л. 123-124; д. 414, л. 95-99. 4. Трагедия среднеазиатского кишлака: коллективизация, раскулачивание, ссылка, 1929-1955гг. докум. и материалы. в 3 т. / Сост.: Р.Т. Шамсутдинов, Б.М.Расулов; Под ред. Д.А. Алимовой. Ташкент: Шарк, 2006, т.1. стр 167-168, т. 3. С. 94. 5. 1937-жылы Украинада кыргыз улуттук кыймылын түзгөндөр // www.azattyk.org/ 6. ГАХО Украины, ф. 4033, оп. 6, д. 609, л. 24; д. 689, л. 18.

Made on
Tilda