Эсимде

“КУЛАКТЫН” УУЛУ... АСАНКУЛ ОСМОНААЛЫ УУЛУНУН ТАГДЫРЫ.

2004-жылдын май айы болсо керек. Белгилүү табып жана адабиятчы Мамат Болот аке менен Бишкектеги “Бийтиктик” басмасында чогуу иштечүбүз. Бир күнү адаттагыдай жумушта отурсам Мамат аке кубанып келип, мындай деп калды: “Иним, мен бүгүн сексендерге чыккан Асанкул деген аксакал менен тааныштым. Башынан өткөргөн укмуштай кызыктуу таржымалы бар экен. Ошону жазсаң кантет? Мен жаза ала турган балдарды эррчитип келип, тааныштырам деп дарегин алып койдум.”
Өзүм да анча-мынча чыгармачылык менен алектенип жүргөнгө, дароо макул болдум. Эртеси радиодо иштеген тааныштардан диктофон сурап алып, Мамат аке экөөбүз Төмөнкү Ала Арчаны көздөй келдик. Келсек, кудай жалгап Асанкул аба үйүндө экен. Биринчи көргөндө, “кантип эле ушул аксакал сексенге чыгып калды” деп ишенген жокмун. Анткени, а кишинин баскан-турганы, жүзүндөгү чырымы, сүйлөгөнү алтымыш жаштагыдай тың эле.
Мамат аке бизди тааныштырып келген себебимди түшүндүргөн соң, “баары эле ушинтип кыйратып жазабыз деп, документтерди, сүрөттөрдү көтөрүп кетишет да, анан эле таппай калам” деп күлүп, башынан өткөн баянын баштады. Чынын айтсам ошого чейин Украинага 700 жүз түтүндөй кыргыз “кулакка” айдалганын мен ага чейин уккан эмес элем. Ошондуктан ар кандай суроолорду тынымсыз бердим. Асанкул аба ар бир башынан өткөргөндөрүн, жер-суу, адам аттарын, жылы, айы, күнүнө чейин так эскерип жатты. Бир таң калганым а кишинин эске сактоосу болсо, экинчиси экөөбүздүн чоң аталарыбыздын атынын, тагдырынын окшоштугу болду. Менин чоң атам Алымбай да “кулак” деген айыптын запкысын тартып, эки уулу жана бир иниси менен түрмөгө камалган. Ал тууралуу кийинки бир макалаларымда сөз кылам...
*

Асанкул Осмонаалы уулу

Ошентип, Алымбаев Асанкул аксакалдын башынан өткөргөн тагдырын жаздырып алдым да, чыгарма кылып жазууга кириштим. Алгач мен оюмда Украинга чейин барып изилдегим, бир кезде кулакка тартылган кыргыздар жашаган Скадовский районун, Чалбас кыштагын жана Асанкул абанын басып өткөн жолдорун өз көзүм менен көргүм келген. Антүүгө чама-чаркым, шартым келбеди. Акчанын тартыштыгынан улам чыгарманы карыянын баянына таянып жазууга мажбур болдум.
Повест жазылып даяр болгондон кийин да китеп чыгарууга каражат таппай кыйналдык. Асанкул аба экөөбүз электрондук вариантын кагазга чыгарып алып, демөөрчү издеп көп эшиктерди каккыладык. Тилекке каршы, эч кимден колдоо таппадык. Ошол бойдон эки-үч жыл чыгарма кол жазма бойдон жаткан эле. Бир күнү жазуучулар союзунун учурдагы төрагасы Нурланбек Калыбеков кыгызпатент чыгармачыл жаштарды колдоп жети автордун китебин чыгарып бергени жатканын айтып, ушул повестимди сунуштады. Ошентип, 2010-жылы Кыргызпатенттен 200 нуска менен китеп болуп чыгып, мен сүйүнүп Асанкул абага көтөрүп барсам, ал кишинин көзү өтүп кеткен экен... Албетте, китепти көрбөй кенткени өтө өкүнүчтүү болду...
Бул макаланын талабына ылайык, мен чыгармадагы Асанкул абанын тагдырынын урунттуу учурларын гана берүүнү туура көрдүм.
*
1931-ылдын август айында Совет өкмөтү Ысык-Көл, Чүй, Нарын обулусунун бай-манаптарынын бала-чакасын Украинага “кулакка” тарткан. Ошолордун катарында беш жашар Асанкул атасы Осмонаалы, апасы жана атасынын экинчи аялы Мария кошо айдалган. Булар жөө-жалаңдап Фрунзеге келип, ал жерден көпчүлүккө кошо жүк ташуучу вагондорго тыгылып, батышты көздөй сапар алышкан. Бул тууралуу эсинде калганын мындайча эскерет Асанкул аба:
-Бир күнү мындай окуя болду. Апам экөөбүздүн жыныбызда орто жаштагы аял эмчектеги баласы менен отурган. Негедир Фрунзеден чыккандан баштап эле баласы чучуктай чыңырып ыйлай берди. Улам башка аялдар келип жардамдашат, кээде колдон-колго көтөрүп көрүшөт. Бала ага деле болбой ыйласа, апам “көрдүңбү, аллейдин эси жок экен, сен антип ыйлаба” деп мени сооротуп коет. Бир кезде эртеден берки наристенин ыйы тып басылды да, саамдан кийин анын апасы шолоктой баштады. Вагондогулар ордуларынан чукуранышып, тиги аялды колтуктан сүйөп, кайрат айтып жатышат. Бирок аял ага да көнбөй кимдир бирөөлөрдү каргап, катуу кыйкыра баштады. Аңгыча сырттан эки формачан салдат кирди да, аялды колундагы баласы менен күчкө салып сүйрөп чыгып кетишти. Аркасынан биздин купедеги эркектер жулкунушуп, арага түшө кошо чыгышты. Аңгыча эле “тарс” деген мылтыктын үнү угулуп, айлана жымжырт боло түштү...
Көрсө, жол азабынан кыйналып чарчап калган баласынап күйгөн эне, ызасына чыдабай кызылдарды каргап кирет. Солдаттар кирип тынчтандыралы дешсе аял бир солдаттын бетин тытып алат. Солдат аялды жаткыра тебет. Ага намыстанган күйөөсү солдатты бир муштайт. Ошондо солдаттар экөөнү тең сыртка сүйрөп чыгып атып салышкан экен.
*

Августта Кеминдин Алмалуу-Борду айылынан чыгып, ноябрда Одессага келип түшүшөт. Жолдо келатып, оору-сыркоодон, ачкалыктан, карылыктан жүзгө жакын адам каза болгон. “Кийин уксам, алардын көбүн кызыл солдаттар ашка жүк, башка жүк кылбайлы дешип, сыртка чыгарып атып салышкан экен. Сөөктөрү болсо вагон кайсыл жерде токтосо, ошол жерлерге ыргытып ташташыптыр” –деп эскерет Асанкул аба.
Кулакка тартылып келген кыргыздардын баарын Одессадан түшүргөндөн кийин, Украинанын Скадовский районуна караштуу Андреевка, Карл Маркс, Морозовка, Хлебодаровка кыштактарына бөлүштүрүп жайгаштырат. Сырттарынан солдаттарга катуу кайтартып, коменданттык саат киргизилет. Ашыкча кыймыл аракет кылгандарын итчесинен эле атып салчу.
-Кантсе да өлбөстүн күнү өтө берет экен, - деп сөзүн улаган Асанкул карыя. – Алгач баш калкалаар жайыбыз жок, жергиликтүү украиндерден, солдаттардан азап көрсөк да, кийин-кийин кичине өзүбүздүн баш аягыбызды жыйнап, орун-очок ала баштадык. Аталарыбыз бизге окшогон жаш балдардын эртеңкисин ойлоп, 1932-жылы 2 класстык мектеп уюштурушту. Анан арабыздагы Мукаш Иманалиев, Келдике Акмат, Кылычбек Молдоисаев деген сабаттуулар алгач сабак беришкен. Келдике Акмат кыргыз элине белгилүү артист, кадики Анвар Куттубаевдин атасы. Ал өзү жашынан зирек болгондуктан Казань шаарынан агрономдук окуу жайын бүтүп келген экен. Ошол Келдике бизге орус тилинен сабак берип калды.
1934-жылы ар кайсыл жерде чачырап жайгаштырылган кыргыздарды Скадовский районунун Чалбас кыштагына чогултуп жайгаштырышат. Көрсө өздөрүнүң бир боорлорунун чачырап кырылып баратканына күйгөн Жангарач уулу Сатаркул, Келдике уулу Акмат, Акмат уулу Кожогул сыяктуу сабаттуу активисттер Сталинге кат жолдошот. Каттын мазмууну: “Биз, Украинага кулакка тартылган кыргыздар, ар кайсыл жерде чачырап, баш калкалаар жайыбыз жок кырылып баратабыз. Андыктан биздин башыбызды бириктирип, бир кыштакка жайгаштырууңуздарды суранабыз!”-деген таризде жазылыптыр. Ошол себептүү алты миң түтүндөй кыргыздарды алты көчөгө бөлүп жайгаштырат. Араларында кыргызстандан айдалып барган Пашко, Бердо, Жданов сыяктуу көпөс украиндер, Ысык-Көлдүк бай калмык, уйгурлар да болгон. Ошол эле 34-жылы жергиликтүү украиндер менен кыргызстандык кулактарды бириктирип, “Новый Путь” (жаңы жол) колхозун уюштурушкан. Негизинен колхоз жетекчилери украиндерден бекитилип, кыргыздардан Жангарачев Сатаркул, Сагымбаев Куту, Зайнидинов Илияс дегендер бригадирлик жана Айылчиев Жумак, Түгөтов Асанкелер бухгалтердик кызматты аркалашкан. Жаңы колхоз жетекчилиги түптөлгөн соң, буларга 17 миң гектар жер, 20 миң кой-эчки, 3000 ири мүйүздүү мал, эки жүзгө жакын арабага кошула турган жылкы, жүздөгөн чочко бөлүп беришет. Кийин бирин экин трактор, машина сыяктуу айыл чарба техникалары келип, Рафик, Султан аттуу кыргызстандыктар алгачкы айдоочулардан болушкан.
Колхоз менен удаа кыргыз мектеп уюштурулуп, Кеминден Алакүчүков, Чым Коргондон Молдоиса жана кадимки академик Бегимаалы Жамгырчиновдор атайын кыргызстандан барып балдарды окутушат. 34-жылы Жантөлөсов Муксим аттуу казак мектепке директор болду. Ошонун демилгеси менен Чалбаска алгачы 8 жылдык кыргыз мектеп салынып, 7-классты мыкты бүткөн Чормонов Бакас, Шералиев Шүкүрали, Курмаев Абдыкалык, Саманчиев Султангаыз сыяктуу жергиликтүү кыргыз жигиттер мугалим болуп иштеп калышкан. “Мен билгенден бир гана Жангарачов Сатаркулдун уулу Кемел украин мектебинде окуду окшойт” деп эскерет Асанкул аба.
1937-38-жылдардагы каргашалуу репрессия Украинада кулакта жүрүшкөн кыргыздарды да четте калтырган эмес. Алгач 37-жылдын февраль, март айларында Жангарачов Сатаркул, Кудайбергенов Акмат, Байбосунов Кожогул жана Арун деген бир туугандар эл душманы деп камалат. Кийинчерээк ага-ини Жанузаков Исраил менен Исак, Бакдөөлөтов Кыштообай, Кошоев Мамбетаалы, Карачороев Түлөкабыл, Жаманкулов Садык, Бекбашов Акмат, Сагынбаев Куту сыяктуу ж.б. кырктан ашык сабатттууларды кармап кетишип, ошол кездеги областтын борбору Херсон шаарын камашат. Алардын ичинен Жанузаков Исраил менен Байбосунов Арунду 10 жыл эркинен ажыратып Сибирге айдашкан. Ал эми калгандары ошол жерден атууга өкүм алышкан. “Кийин уксам, Байбосунов Арун Архангельскиде абакта жатып көз жумуптур, ал эми Жанузков Исраил аман-эсен акталып келип, 1962-жылы Суусамырда коз жумган экен” – дейт Асанкул аксакал.
*
Украиналык кыргыздар 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушту да алгачкылардан болуп тосуп алып, азап-тозогун жон терилеринен өткөрөт. 18 жаштан 60 жашка чейинкилер аскерге чакырылып, Асанкул сыяктуу жашы жетпеген өспүрүмдөр тылда иштеп калышкан. Бирде немистердин баскынында калып, бирде кызыл аскерлер бошотуп, айтор согуштун азабын жакшы эле тарткан Асанкул ошол жылдары ата-энесинен айрылып, үй-бүлөсүнөн жалгыз калган. Бул тууралуу ал мындайча эскерген эле:
-Анда биз курактуу 17-18 жаштарды чогултуп бир айлык аскердик машыгуудан өткөр баштаган. Мен да ошолордун катарында күнүнө 3-4 саат марш тебем. Машыгуудан келген соң өгүзгө араба чиркеп, колхозго кудуктан суу ташыйм. Апам болсо атаман ажыргандан баштап кыштактын ооруканасында иштечү. Ошол учурда жарадарлар батпай кеткендиктен кээ күндөрү түн бир оокумда келет. Азыр элестетип көрсөм согуш азабы, күнүмдүк көр тирилик деп апам экөөбүз аз эле көрүшчү экенбиз. Бир күнү апам адаттагысынан эрте келди да, “балам мага бурчка төшөк салып берчи” деди, оор үшкүрүнүп. Ошондо биринчи жолу апамын шилбидей болуп арыктап, өң-алеттен кетип, катуу жүдөй түшкөнүн байкадым. “Уулум мен болбой калдым окшойт, тамагым эле кургайт, суу алып берчи” деди. Кычап үйдө кашык суу калбаптыр. Чаканы көтөрүп кудукту көздөй жүгүрдүм. Мен суу алып келсем эле апам тирүү калчудай туюлду. Жолдон Эсенгул деген бала жолугуп, экөөбүз үнсүз-сөзүз суу алып келатканбыз. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, жолдон Гриша деген жаңы башкарма жолугуп, “Асан твой мама умер” десе болобу...
Асанкул аба көпкө жышыды, өткөнүн эске салып...
1944-жылы июнь айында Келдике Акматтын уулу Абдурахимди, Асанкулду жана бир ногой бала үчөөнү Донбасска шахтага иштөөгө жолдомо беришет. Ошол жерде иштеп жүрүп, киндик каны тамган мекенинен куса болгон жигиттер Кыргызстанга качып келишкен экен. Бул тууралуу мен “Кулак” аттуу повестимде кеңири сүрөттөп берген элем.
Мекенде калган чоң атасы тууралуу да сурадым. Чоң атасы Алымбай Кеминдин Алмалуу-Борду айылынан чыккан бай экен. Жаш кезинен кара жанды карч уруп иштеп, бирди эки кылып жүрүп, он миң ашык койлуу, миң жылкылуу болот. Бирок анысы деле 1916-жылкы үркүндө таланып-тонолуп, кырылып-чачылып жүрүп жоголуптур. Өзү болсо үч аялынан тараган Жыйырмага жакын бала-чакасын ээрчитип, эл менен Кашкарга качат. Кийин кайра Совет өкмөтү орноп, теңчилдик берип жатыптыр дегенди укканда, Кеминге кайтып келишкен. Үркүндүн азап-тозогунан улам арып ачып, баягы манчыркаган байлыгынан бир из калбай, карапайым элдин катарына кошулушкан. Анан эле кайра “мурда бай болгонсуң” дешип, куугунтуктаганга өтүшүптүр. Кийин Украинадан кайтып келсе, чоң атасы эчак каза болгон экен. Көрсө буларды сүргүнгө айдагандан кийин а кишини кадимки кошуун башчы “Кудайкуловдун” түрмөсүнө камашат. Совнаркомдо иштеген Баялы Исакеев Алымбайдын бир тууган кайниси болгон. Кантсе да бир тууган таякебиз эмеспи, балким бир жардамы тиер деген үмүт менен бул жакта калган балдары ал кишиге кайрылып көрүшөт. “Атабызды түрмөгө камап койду, эптеп бошотууга жардам бериңиз” – дешет жээндери.
-Кечирип койгула айланайындар, колумдан келсе жардам берет элем. Бирок мени да аңдыгандар көбөйүп, бир аз кыйын акыбалда жүрөм, - дептир Исакеев.
Ошондон кийин чоң атасы алты ай түрмөдө жатат да, катуу ооруганына байланыштуу бошонуп келет. Анан “кулак” деген аты бар үчүн эч кимликине батпай, өз киндик кан тамган жерин таштап, аргасыз Кеминдин Көк-Жарына келин болгон кызыныкына келип баш паанектеп жүрүптүр. Ошол жерде 1936-жылы көз жумган экен...
Курган чоң атасынын жашында кылган мээнети, карч уруп курган дөөлөтү кайтпады. Тескерисинче, карыганда анысы кайгы, азап алып келди. Эми төрдө сакал сылай отуруп, балдарынын убайын көрөөр маалда балдарынын бааарынан айрылып, түрмөгө түштү. Анан жалгыз медер туткан Осмонаалысын, небереси Асанкулду да көрө албай, арманы ичте буккан бойдон кете берди, кайран киши...
*
Албетте, бул макалада мен Алымбаев Асанкул карыянын тестиер кезде украинага айдалган тагдырынан кыскача гана үзүндүлөрдү келтирип өттүм. Ал тууралуу кененирээк менин 2005-2006-жылдары жазылган “Кулак” аттуу тарыхый даректүү баяныман окусаңыздар болот. Чыгарманын электрондук версиясы “Эсимде” долбоорунун өздүк сайтында жарыяланган.
Алымбаев Асанкулдун Украинадан келгенден кийинки кыскача өмүр баянына токтолсок мындай.
Ошентип аман-эсен Ала-Тоого келип, тууган-уругу менен табышкан соң, өзүнүн киндик каны тамган Борду колхозунда иштеп калат. 1946-жылы колхоз жетекчилери аны бир жылдык агрономдук курска жөнөтүшөт. Москва районунун Беловодск кыштагынан курсту окуп бүтүп, Борду колхозуна агроном болуп келет.
1948-52-жылдары айыл өкмөттө катчы болуп иштеп, жубайы Каписа экөө баш кошушкан.
1952-57-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин “тил жана адабият” факультетин бүтүргөн.
1957-жылдан баштап Ички иштер министирлигинде офицер болуп кызмат өтөй баштайт. 1968-жылы анын “кулакка” тартылганын билинип калып, “өмүр баяныңды бурмалагансын” деген айып менен ИИМден кубаланган. Ошондон соң 1986-жылга чейин профсоюз уюмунда иштеп жүрүп пенсиягы чыккан. Байбичеси Каписа экөө 2 уул, 3 кызды тарбиялашып, небере-чөбөрөлөрдү көрүштү.
2007-жылы 81 жаш курагында кайтыш болгон.
Тарых сизге, бизге окшогон жеке адамдардын тагдырынан куралат эмеспи. Аның сыңарындай Алымбев Асанкул абанын тагдыры да 1931-жылы Украинага кулакка тартылган кыргыздардын тарыхынын бир барагы. Канчалаган мекендештерибиз Советтик катаал режимдин курмандыгы болгондугун, алардын катарында Асанкул сыяктуу жаш балдардын тагдыры да талкаланганын унутпашыбыз керек...

Манас Алымбев



esimde.org
http://deport.esimde.org/
Made on
Tilda