Эсимде

Сүргүн сүртүмдѳрүнѳн.

Мажиков Бакир атанын тагдыры.

Өкүмат алды малыӊды,

Көп эле төктү зарыӊды.

Эч кылмышыӊ жок турса,

Кулак кылды баарыӊды…

Карасарт

1929-жылдын аягында башталган туташ коллективдештирүү зомбулук, мажбурлоо, коркутуу жана «кулак» деп аталган адамдардын басымдуу бөлүгү үчүн куугунтуктоолор менен коштолгон. Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин 1930-жылдын 30-январындагы «толук коллективдештирүү аймактарында кулак чарбаларын жоюу боюнча чаралар жана кулактарды тап катары жоюу жөнүндө" токтому чарбаларды ээликтеринен ажыратып гана тим болбостон, сүргүнгѳ айдалуучу үй бүлѳлѳрдүн санын кыйла кѳбѳйткѳн.
Бул токтомго ылайык кулактар үч категорияга бөлүнгөн: биринчи категорияга - контрреволюциялык активисттер, террордук актыларды жана көтөрүлүштөрдү уюштуруучулар кирген. Экинчи категорияга эң бай кулактардан жана жарым-жартылай дыйкан чарбалардан калган контрреволюциялык актив, үчүнчү категорияга - калган кулак чарбалары кирген.
Бул категорияларга кирген адамдардын өмүрү түрмөлөрдѳ, лагерлерде, сүргүндѳ ѳттү. Кыргызстандын аймагынан ырайымсыз репрессияланып, «кулак» деп аталып Украинага депортацияланган үй бүлѳлѳрдүн саны жети жүздѳн ашуун. Ар биринин ѳз тагдыры, ѳз трагедиясы бар. Кулакка тартуу саясатына ушул жылдары туура 90 жыл толуп отурат. Биздин муундун башкы милдети - бул адамдарды эскерүү жана өткөндүн кайталанышына жол бербөө. Эсимде талкуу антчасы Украинага сүргүнгѳ айдалган үй бүлѳ тарыхын чогултуп жүрүп, Жети- Ɵгүз районунун Саруу айылынын тургуну
Мажиков Бакир атанын тагдырына жолуктук.
Макала кулакка тартылып Украинага сүргүнгѳ айдалган Мажиков Бакирдин уулу Жыргал Мажиковдун маегине негизделген.
Мажиков Бакир 
Үркүн. Алжан уулу Узак атанын баяны.
Алыскы Саруу (Ысык-Кѳл) айылынан чыккан Узак атанын үй-бүлөсүнүн тагдыры ѳткѳн кылымдагы ѳткѳѳл мезгилди чагылдырып турган сыяктуу. Бул макала жөнөкөй, бирок ошол эле учурда баатыр үй-бүлө жөнүндө эскерүү.
Узактын балалык мезгили оторчлук мезгилге туура келген. Социалдык теги жетиштүү үй бүлѳдѳн болсо дагы колониализимдин запкысын жон териси менен сезген. Орус админстрациясынын келгин дыйкандарды Жети-Суу облусунда жайгаштыруу саясатынын натыйжасында Ысык-Кѳң ойдуңундагы малчылык менен алектенген кыргыздардын жайыттары тарып, экономикалык абалы начарлаган. Кѳчүрүлүп келген дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда карама каршылыктар күчѳгѳн. Кылымдар бою Ала-Тоонун койнунда малын багып жай турмушун ѳткѳргѳн кыргыздардын колонизатордук админстрация менен мамилеси курчуган. Орус админстрацияга таянган келгин дыйкандар жергиликтүү элге ыдык кѳрсѳтүп жайыттарын коруп мал жанын камакка алышкан. Мындай окуяларга Узактагы кез келип, башынан ѳткѳн. Анын мал жанынын бир топ бѳлүгүн келгин дыйкан «биздин корукка кириптир» деген шылтоо менен күчкѳ салып тартып алган. Бул окуя Узактын үй бүлѳсү үчүн жагымсыз болгону менен кийин Үркүн учурунда жандарынын аман калышына себеп болгон. Келгиндердин арасында дагы жергиликтүү калк менен достошкон үй бүлѳлѳр жок эмес эле. Узактын «Гүжүмѳн» аттуу орус досу мал жанын кайтарып алууга кѳмѳк кылган. Дүйнѳдѳ абал оорлоп баратканын айтып, келгиндер менен жайыт үчүн кѳйгѳйлѳрдүн жакында чечилбешин эскертип, малынын бир бѳлүгүн алтын менен сактоого кеңеш берген. Узакбай орус досунун сѳзүн угуп, малынын жарымын сатып, алтын менен сактаган.
1916-жылы жай айларында Узак Ысык-Кѳлдүн Сырт ѳрѳѳнүндѳ ата-бабасы жайыт катары колдонуп келген Кумтѳр жайлоосунда эле. Бул мезгилде Ысык-Кѳл ойдуңунун ичинде 1916-жылдын кандуу окуялары башталып жаткан. Орустарга жардамга Верныйдан келүүчү жазалоочу отряд тууралуу алдын ала татар досторунан уккан Узактын иниси Абдылда элге кабарлайт Орустун жазалоочу отряддарынан жеңилген калктын алгачкы бѳлүктѳрү Бедел, Жууку аркылуу Тескей Ала-Тоосун ашып Кытайды кѳздѳй багыт алышкан. Абалдын үмүтсүз экенин түшүнгѳн Узакбай үй бүлѳсү, бир тууган иниси Абдылда менен алгачкылардан болуп Кытайга качышкан. Үркун окуялары кыргыздар учун абдан катаал болуп, кѳбү жолдо кырылган. Кытайга качкан калктын дээрлик баардыгы колунда бар оокатынан айрылып, оору сыркоолорго кабылып үй бүлѳ мүчѳлѳрүнѳн айрылышкан. Мындай жазмыш Узактын үй бүлѳсүнѳн дагы кайып ѳткѳн эмес. Кѳптѳгѳн кыйынчылыктар менен Кытай чек арасына жетээри менен колдо болгон мал байлыгынын теңин Кытай аскерлерине ѳткѳрүп берип чек арадан ѳтүүгѳ аргасыз болгон.
Текес жерине жайгашкан Узак кийинчерээк башка кыргыз качкындардын чек арадан ѳтүүсүнѳ, отурукташкандарына кѳмѳк кѳрсѳткѳн. 1918-жылдары жаңы бийлик орноду, жакшы жашоо башталат деген умут менен ата–журтуна аттанган Узактын «кулакка тартылып» ата теги укпаган бѳтѳн жерге сүргүнгѳ айдалаары оюна да келбесе керек.
Кыргыз качкындары ата-журтуна минген аттары менен гана кайтып келе алышкан. Туулган жерине келген Узак кийинчерээк баягы катылган алтын тыйындарын сатып, мал алып «миң койлуу Узак» атка конот. 1924-жылы 55 жаштарга келип калган Узак байбичеси менен бала жытына зар болуп, жашоого нааразы болуп, кемпири экѳѳ кайгырып атканын аталаш тууганы Мажик угуп калат.
Мажик жубайы Мѳѳркан менен кеңешип, «биз жашпыз, Кудай берсе дагы балалуу болоорбуз» деп, эски кыргыз салтын улай бешикте жаткан баласы Бакирди Узактын бой үйүнүн босогосуна тыштап кетет. Узак ата менен бейпичеси Кѳрпѳш апа Бакирди асырап алып, ѳз аттарына каттатып алышат.


Кулакка тартуу саясаты.
Сүргүн жылдары.
Арадан 5-6 жыл ѳтпѳй совет бийлиги айыл чарбаны коллективдештирүү жеке чарбаларды жоюу менен дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү саясатын баштайт. Бул саясаттын алкагында «кулактарды эзүүчү тап катары жоюу» деген ураан менен репрессиялар, күч колдонуу ыкмалары башталат. Аталган саясаттын кесепетинен миллиондогон совет жарандары запкы тарткан.
Алардын бири 6 жаштагы Бакир эле. Алты жашар Бакир бакма, асырап алган ата-энеси менен «кулак» деп аталып, ээликтеринен ажырап бѳтѳн жерге сүргүнгѳ айдалууга мажбурланган. Саруудагы «кулак» деп аталган үй бүлѳлѳрдү айылдын чет жагындагы, кѳл жээктеги «Пристань» деп аталган жерде чогултушат. Бакирдин ѳз ата-энеси Узактын башына түшкѳн кайгыны угуп, коштошкону келишет. Кѳрпѳш апа Бакирди бекем кучактап, асырап алган баласынан айрылып калуудан коркот. Аны сезген Мажик менен Мѳѳркан «Биз баланы талашканы келгенибиз жок. Биз коштошолу деп келдик. Бала баккандыкы. Силерге кандай тагдыр жазбасын Бакир силердики.» [1]- деп уулу менен коштошушат.
«Кулак» деп куугунтукталган үй бүлѳлѳр Саруудан Балыкчыга чейин кеме менен алынып келинип, Балыкчыдан Фрунзеге чейин араба менен ташылган. Фрунзеден жүк ташуучу вагондорго салынып, Украинага сүргүнгѳ айдалышат. Жол азабы, кѳр азабы дейт кыргызда. Фрунзеден Украинанын Херсон облусунун Виноградово (мурунку Чалбасы) айылына чейин 4300 километр. Бул аралыкта терезеси, дааратканасы жок жүк ташуучу вагондордо кичинекей эмчектеги ымыркайдан, ѳспүрүм кыздар, улгайган кары картаңдарга чейин толтурулган жүргүнчүлѳр ташылган. Жолдон кѳбүнүн кѳзү ѳтүп кеткен экен. Узак ата жолдон Аскания-Нова деген корукка жетип, барчу жерине 200 километр калганда каза болот.
Абышкасынан айрылып калган Кѳрпѳш апа ал жайына келгиче, кѳлдүк туугандарынан, тааныштарынан адашып калат. Бакирди колунан чыгарбай жаңы жерде башка куугантукталган кыргыздар менен күн кѳрѳ баштайт. Кѳрпѳш апанын жакын тууган иниси дагы кулакка тартылып, сүргүнгѳ айдалган экен. Сабаты жоюлган, кат тааныган иниси Кѳрпѳш апаны таап ѳз туугандарына кошот. Кѳп ѳтпѳй жаңы жерде Кѳрпѳш апа дагы кѳз жумат.
Жетим калган жети жашар Бакир ата-энесинен айрылып калган кыргыз балдары менен эски, тѳбѳсү түшкѳн чиркѳѳдѳ күн кѳрѳ баштайт. Бул күндѳрдѳ Кѳрпѳш апанын кат сабаты жоюлган, мугалим болуп эмгектенген иниси Бакирди издеп таап, балдар үйүнѳ ѳткѳрүп берген экен. 1931-жылдан 1938-жылдын июнь айына чейин Укриана ССРнин Одесса облусунун Скадовский районуна караштуу Чалбас орто мектебинде биринчи класстан жетинчи класска чейин окуп, ошол эле Чалбасы айылындагы атайын жетим калган кулактардын балдары үчүн ачылган балдар үйүндѳ тарбияланган.

[1] Мажиков Жыргалбектин интервьюсунан.
Ата - энем Узак, Көрпөш менен 1931-жылы августа Украинага сүргүнгө айдалдык. 1931-жылдын октябрь айынын айагында бизди салган поезд, Херсон шаарынын чет жакасына алып келип токтоду. Айта кете турган кеп, бизди Херсон шаарына алып келишкенде үч районго бөлүп кетишкен экен, аны биз билген эмеспиз. Биз тарапта бир эшалондон болгону 15вагон калыптыр. Эртеӊ менен гана билишип ыйлап жатышканы эсимде. Себеби Кыргызстандын Пишпек станциясынан вагондорго салганда элдер аралашып ар кайсы вагондорго салынып калышкан эле. Ошондой эле атам да, энем да ыйлап жатышкандары эсимде. Себеби Саруудан айдалган отуздай кишилер, жана тайекем Чыныбай уулу Жакып да ошол бөлүнгөн вагондо болушчу, биз болсок Дархандыктар, Тагай молдо, Бекболот молдо жана бөлөк жердиктер менен болуп калдык. Алар Чүй, Талас жана Оштуктар болчу. Херсондон параходго салып жүрүп кетти. Суунун аркы өйүзүндөгү бир кичинекей порттон түшүрдү. Ал жерде күтүп турган ат-өгүз арабалар менен эки күн, эки түн жүрүп отуруп бир кыштака жетишип жайгаштырды. Жолдон кыргыздар ачка болуп айабай кыйналдык, үч – төрт кыштакты басып өттүк. Арабалар менен кыштактардын арасынан өткөндө кыргыздар курсагын көргөзүп;- «Курсагыбыз ачка! Тамак бергилечи?»- деп кыйкырып жатышты. Жергиликтүү элдер – украин айалдары, үйлөрүнөн токоч, сүт, жашылча, жумурткаларын берип бизге боорлору ачып, бизге кошулуп ыйлап жатышты. Бул элдин боорукерлигин карылар жогору баалап, бизге окшогон меймандос элдер турбайбы дешип ичтери жылып калышты.
Биздин арабызда орусча сүйлөгөндү чала була билгендер бар экен, алар билгендерин эптеп которумуш болуп жатышты. Эмне ыйлайсыӊар деп сурашса, көрсө бизге жана жаш балдарга бору ооруп ыйлап жатышыптыр, экинчи себеби, алардан дагы бизге окшоп сүргүнгө, Сибирге, Орто-Азияга айдалган туугандары, жакындары болуптур. Ошол айдалган адамдардын үйлөрүн бир жерге топтоп, 150 үйдү кыргыздар келгенче бошотуп койушуптур. Жадагалса ит да калбаптыр. Ар бирине үй-бүлөсүнүн саны бойунча үй берип, ошол кыштакта жашап калдык. Кыштактын коменданты бизге;
-Бул кирген үйүӊөр силердики болот, эч ким силерден талашпайт. Өзүӊөрдүн менчик үйүӊөрдү кандай сактасаӊар, бул үйлөрдү да ошондой сактагыла. Жети жылдык мөөнөткө келдиӊер, ошол мөөнөт бүткөнчө ушул үйлөр силердин менчик үйүӊөр болот, - деп элге кулуактандырды.
Биз ушул элдин арасында туруп калган мезгилдерде эки эл бири –бири менен урушуп талашып жаат кураганын уккан да көргөн да жокмун. Баарыбыз бир элдей болуп ынтымакта жашадык.
Дүйнөдө эӊ чоӊ кордук ушул экен, бирөөнүн элинде, жеринде жети атасы көрүп билбеген, кулагы укпаган элде биринин сөзүн бири билбей, ичиндеги ойлогон ойлорун жана кайгыларын, сырларын, көргөн азап тозокторун өз тилиндей кылып айтып түшүндүрө албаган, дудуктарча бири-бири менен жаӊдашып сүйлөшкөндөн артык тозок болбосо керек. Адегенде эки эл бири биринин арыз армандарын көз жашы менен, жаӊдоо менен гана түшүндүрүшкө аргасыз болушту. Бул жагдай көпкө созулган жок. Жаштар бат эле украин тилин өздөштүрүп кетишти. Тилди үйрөнгөндөн кийин жашоо жана байланыш жеӊилдей түштү.
Тамак-аш болсо, адегенде күндө өгүз араба менен нан алып келип, 500-600 граммдан киши башына таратып турду. Этти болсо киши башына өлчөп жумасына бир жолу уйдун этин таратып турду. Бекер тараттыбы же акчага таратканбы, кудай акы эсимде жок.
Кийинки жазда, 1932-жылдын март айынан баштап, тамак аш бергенди токтотуп, мындан ары өз жаныӊарды өзүӊөр баккыла деп, жаштарды, жумушка жарактууларды жумушка чыгара баштады. Маселен, туз өндүргөнгө, кой туутка, эгин айдоо, ж.б. ар кыл жумуштарга салып иштете баштады. Биз сүргүнгө баргандан көп жылдар мурун бул жерде, митис жана меринос койлорду өстүрүп, колхоз совхоздордо толугу менен багылып калган экен. Кой туутуна катышып иштеп жаткан жаштар мурун мындай койду көрбөгөндүктөн; - «Бул жерде жалаӊ узун куйрук чочко койлорду багышат экен. Кой туугандан кийин эркек козулардын куйругун тирүүлөй кесип ташташат экен», - дешип таӊ калышып, жийиркенгендей кесилген узун куйруктарды чымчып кармап келишип көргөзүшкөндө, карыйалар жакасын кармап таӊ калышканы эсимде калыптыр. Туутка барбаган элдер, жакын жердеги көлгө барышып, туз чайкап, аны кургатып, мүшөктөргө салып өкмөткө тапшырып жүрүштү.
1931-жылдын күз айларынан баштап, 1932жылдын жай айларына чейин ошол жердин абаасына, суусуна көнө албай, жана тамак аштын жетишсиздигинен, кара сан, шарп, безгек, шишик ооруларына чалдыгып, экинчи жагы мекенине болгон кусалыктан көпчүлүк кыргыз кырылып баштады. Атам Узак 1932-жылы жазында кара сан менен ооруп, сандары карарып кетип туралбай жатып кайтыш болду.
Атам өлгөндөн кийин энем экөөбүз эптеп жаныбызды багып жүрдүк. Атам ыраматылык, сүргүнгө айдалаарын күн мурунтан билип, малынан бөлүп, куда-сөөктөрү аркылуу Караколдун базарына саттырып акчаны камдап алган экен. Жана биз айдалаарда ага туугандар, Украинадан керектейсиӊер деп акча камдап беришкен экен. Ошол акчаларды энем шырымал тондордун ичине тигип катып келген экен. Ошол акчалар Украина элин каптаган ачарчылыкка байланыштуу, 1933- жылдагы жай айында түгөнүптүр.
1933-жылдардагы Украинаны каптаган ачарчылык, украина элине гана кыйын болбостон кыргыздарга да оор болду. Ачарчылык, улгайган адамдардын калган каткандарын толугу менен жок кылган десем жаӊылышпасмын. 1933-жылкы ачарчылыкта бир жагынан тамак аш жетишпесе, экинчи жагы, кышындагы суукта жагаарга отун жок, кээ бирлери талаадан отундун ордуна жөө камгак, камыш көтөрүп келатып, эс алган жеринде тоӊуп өлүп калгандар болду. Ачарчылыктан кечинде төшөгүнө жатып, эртеӊ менен турбай өлүп калгандар болду. Эгин жыйналып бүтөөрү менен кыргыз, украин элдери бүт талаага чыгып машак терип жан сактоого өттүк. Көрпөш энем бир колуна мени бекем кармап талаага барып, анан колумду такыр койо бербей машак терчү. Кайра үйгө келгенде гана колумду койо берээр эле. Азыр ойлосом талаадагы ошончо көп элдин ичинен мени жоготуп алам деп коркуп, колумду койо бербей кармап алып жүрүптүр. Талаада кечке жүрүп бир чыныдай буудай машактап, үйдөн жанчып бир күнү жарма жасап ичсек экинчи күнү нан жасап жечүүбүз.
Көп балдар – кыздар, ата – энеси өлүп, багаар көрөөлөрү жок тоголок жетим калып көчөдө калышты.
Бейкүнөө элдерди сүрүп салып, эми аларды кайра Ачарчылыктан сактап калыш үчүн, өкмөт тарабынан чоӊ кишилерге 350граммдан, балдарга 200граммдан нан бере баштады. Балдар үчүн бакча уйуштуруп, өлбөстүн ашын берип, кечинде үйлөрүнө жиберип турушкан. Ошол 200 грамм нанды жеп салбай, оозубузга салып чайнап анан ширенкенин же бет майдын кутучасына салып чөнтөкө катып алып, өзөк карарып бараткан сайын жалап жүрөөр элек. Ушинтип өлбө жаным өлбө деп, 1933-жылдан кутулдук.
1934-жылы, ачарчылыктан аман калгандарды, анан мурун бөлүп кеткен кыргыздарды кайра чогултуп, Херсон областынын, Скадовский районунун Чалбас деген кыштагындагы короо жайлары бар үйлөргө отурукташтырып «Новый Путь», украинче «Новый Шлях» деген промартель уйуштурган. Артелдегилердин карылары аттын каамытын, шилия, седелка, орус ээр токум жасашып аркан эшишкен. Айалдар матрац тигишкен. Жаштар талаачылык кылып эгин, жашылча өстүрүп, мал багышкан. Бул кыштака бизди энемдин тууганы, тайакем Чыныбаев Жакып, эки дөӊгөлөктүү ат араба жалдап, Тагылыктын Ыманаалысы менен Шүкүрдү жиберип алдырып келген. Жакып тайакем бизди өз үйүнөн бир бөлмөнү бошотуп берип жайгаштырды. Энем экөөбүздүн жашообуз кадимкидей жеӊилдей түштү.
1934-жылдан баштап, жашы жеткен жана өтүп кеткен балдарды чргултуп, аларга мурун мугалим болгон, молдо болгон билимдүү, кат тааныган адамдардан мугалим кылып латын алфавити бойунча сабак окута баштаган. Ушул жылдын күз айларында Чалбас жети жылдык мектеби деген мектеп ачылып, окуу куралдарын Наркомпрос аркалуу Кыргызстандан алдырган. Кийин педучилищаны бүткөргөн жаӊы мугалаимдерди дагы алдырып, окуу кыргыз, орус жана украин тилдеринде өтө баштаган. Ошондо Кыргызстандан баргандардан эсимде калгандары: - директор Жантилесов Муксум, Молдосопиев дегендер. Баардыгы болуп ондон ашык мугалимдер келип окутушкан.
Энем Көрпөш 1934-жылы кайтыш болду.
Ата – энелери өлүп, тоголок жетим калган балдарга детдом ачып, анда 150 ашык балдар тарбияланып жана окуп билим алышкан. Кийинчерээк бул мектеп орто мектепке айланган. Балдар ата-мекендик согуш башталганга чейин окуп, согуш башталганда Кыргызстанга алып келишкен.
Жаӊыдан жети жылдык мектепти бүткөндөргө, Украинанын ичиндеги каалаган техникумдарга кирип окууга акылуу болосуӊар, жатакана менен да камсыз болосуӊар. Техникумда окуу акысыз болот деп түшүндүргөн. Бирок биздин максатыбыз жана көздөгөнүбүз, тулуп өскөн жер жана эл журт болучу. Бизге алтын берсе да ал жерде калбайт болчубуз.
Эми мен өзүм жөнүндө кеп салайын. Энем 1934-жылдын жаз же эрте жай айларында кайтыш болгон. Ага чейин энем экөөбүз, Чалбаста ачарчылыктан кырылгандарды кайрадан чогултканда кезигишкен тайакем, Тилекмат уулу Чыныбаев Жакыптын үйүнүн бир бөлмөсүндө туруп калдык. Тайакемдин бир уулу эки кызы бар эле. Жакып тайакем билимдүү адам болгон. Ал Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн орусча таза сүйлөп жаза билген. Айалы Караколдук ногой кызы Рабийга деген айым эле. Ал да араб, латын тамгалары менен жаза да окуй да билген. Мен булардын балдары менен чогуу болуп, алардан жакшы тарбийа алып, алардын балдарынын бири болуп калгам. Энем өлүп калгандан кийин, жалгызсырап, ал мага жат боло баштады. Ал үйдү жана энем экөөбүз жаткан бөлмөгө киргим келбей, окууну да, ал үйдү да таштап, кароосуз калган көчөдөгү жетим балдарга кошулуп кетип калыптырмын. Тайакемдин балдары издеп келишсе, балдар мени катып жашынтып койуп, көргөн жокпуз деп алдап койушчу. Жаткан жерибиз ачык асман, жеген тамагыбыз, чоӊ балдар огороддордон казып келишкен картошка, коон дарбыз, помидор жана жүгөрүлөр болоор эле. Нанды чанда гана жечүүбүз. Картошка менен жүгөрүнү отко көөмп жээр элек.
Ошентип, балдар эмне жесе ошону жеп, күн өткөрүп жүргөм. Күзгө жууктап калганда бир күнү тайакем эртеӊ менен жумушуна баратып мени көрүп калды. Чачым өсүп кеткен, тырмактарым сынган, кийимдерим тытылган, өзүм кир элем. Колумдан кармап алып кайра үйүнө алып барып Рабига таажеӊеме тапшырып; - «Бул акмак киши болбойт экен, үйдү да окууну да таштап салып селсайак болуп кетиптир. Мен мунун бүгүн документтерин дайардап, комендатурадан багыттама алып келип балдар үйүнө өткөрүп берейин. Чачын, тырмактарын алдырып, киринтип дайардап кой» - деп жумушуна чыгып кетти.
Мен алардан канчалык ыйлап чыктасам да, сурансам да, кечирим сурасам да, алар айтканынан кайткан жок. Кечинде тайакем келип;
-Балдар үйү абдан жакшы, кийим кече, тамак аш, жатаканасы бар, жууркан төшөк берет. Окутуп билим берет. Сен андан тарбийа алсаӊ жакшы адам болуп чыгасыӊ. Салыштырып көрчү, окуган менин кызматым менен башкалардын эмгегин. Мен контордо иштеп, кеч курун контордон үйгө келемин, башкалар болсо, кечке талаада иштеп, чарчап кечинде келишет, - деп, өзүн мисалга алып, мени балдар үйүнө барууга макулдатышты.
Ошентип эртеси эртеӊ менен, мени ээрчитип барып балдар үйүнө өткөрүп койду.
Балдар үйүндөгү балдар кыздар мени уйалаш өз бир тууганындай көрүп кучакташып кабыл алды. Улуу балдар ээрчитип, жатакана, тамак иче турган жайы менен тааныштырды. Мен алар менен бат эле бир туугандай болуп аралашып кеттим. Жаӊы кийим кече берип, балдар менен чогуу мектепке барып окуй баштадым. Сабактарды жакшы өздөштүрүп чейректе 4 жана 5 деген бааларды алууга жетиштим.
Дайыма алтынчы күнү мени тарбийачыдан сурап алып, үйүнө алып кетет. Балдары менен чогуу ойнотуп, ал үйгө бир түн түнөп эртеси кайра балдар үйүнө келип турдум. Тайакемдикине барган сайын кечинде чогулганда таажеӊем Кыргызстанда калган туугандарга кат жаздырып турчу. Ошентип биринчи жазган катыма бат эле жооп келип калса болобу. Ал жооп менен кошо 50 сом салып жибериптир. Мен жооп алгандан кийин бат баттан кат жаза баштадым. Кыргызстандагы ага – туугандарым менен кат аркылуу таанышып жакындаша баштадым.
Биз Украинанын жерин биринчи жолу баскандан тарта, комендатура бизди башкарып турду. Коменданттан уруксаатсыз, бизге бекиткен аймактан алыс кетүүгө укуксуз элек. Ошентип комендатура катуу тартип койуп, дайыма көзөмөлгө алып туруучу. Уруксаатсыз белгиленген аймактан чыгып кетиш, уруулук кылуу, тартип бузуу деген болгон эмес. Бир гана Дархандык Бекболот молдонун кызы Айша Кыргызстанга качууга бир нече жолу аракет кылган жана качып кеткен.
Жакып тайаке болсо барган күндөн тартып, комендатурада тилмеч болуп иштеп жүрдү. Кийин промартел, андан кийин колхоз уйушулганда башкы эсепчи болуп иштеп жүрүп узака созулган оорудан кайтыш болду. Тайакем өлгөндөн кийин мен үчүн мурункудан да оор жоготуу болуп, нак жетимчилик башка түшүп, мага ыбаа караган эч кимим калбай жалгызчылык башка түштү.
1936-жылы күзүндө (тайакем кайтыш болгондон кийин), Кыргызстандан иниси Бараканов Молдокасым келип, айалы Рабийга, баласы Мужабир, жана кызы Окени Кыргызстанга алып кетти. Дагы жалгызчылык башка түштү. Кез-кезде бара койуп жүргөн таажеӊем да балдары менен эл жерине барып кошулду.
Ошентип бат эле 1936-1937 жылдар өтүп, мен үчүн бактылуу болгон 1938-жыл кирип келди. Таажеӊе бала-бакырасы менен кеткенден кийин, мен туугандарыма таарынып кат жазган болчумун;
-Издээри барларды туугандары келип алып кетип жатышат, мени издеген туугандарым жок экен. Мени издеп келбесеӊер, бир жылдан кийин жетинчи классты бүтөм, андан кийин каалаган окуу жайына кирип, аны бүтүргөндөн кийин өзүм деле барып калам. Ошондо силерге таарыныч чоӊ болот.
Ал каттын жообун 1937-жылдын күз айларында алдым. Анда, - «Таарынбай тур, кудай буйурса 1938-жылдын жаз айларында Карасарт аваӊ барып калат. Быйыл сени алып келиш жөнүндө кагаздарды дайардап жатабыз. Жол акысын дайардап койдук» - дептир.
Бул кабарды уккандан кийин абдан сүйүнүп калдым.
Күткөн убакыт бат эле келип калды. 1938-жылдын февраль айынын айагында, окуудан келип, түшкү тамака дайарданып жаткан элек. Мен ал күнү ашканага дежур элем, фартукту кийип тарелкаларды столго койуп жатсам, балдар, Бакир сүйүнчү! Кыргызстандан бир тууганыӊ келди, бол батыраак дешип мени колдон буттан алышып дарбазага (арка) чейин көтөрүп келишти. Баратышып сен кандай бактылуусуӊ, сенден бактылуу ким бар, карачы сени алыс жерден издеп келди» - дешип өз бир тууганы келгендей алар да сүйүнүп жатышты. Мен сүйүнгөндөн бир көккө чыгып, бир жэрге түшүп, кимиси келди экен деп сүйүнгөндөн ыйлап да күлүп да барсам, атамдын бир тууган иниси Алжан уулу Карасарт деген авам экен. Эми ошол кездеги сүйүнгөнүмдү эстесем азыр да 90 жашымда көзүмдөн жаш мончоктоп агып кетет. Ушул эскерүүнү жазып жатканда, өткөндү элестетип, ата – энемди эстеп, кадимкидей көзүмө жаш алып отуруп жаздым.
Абам алып барган кагаздарды комендантка өткөрүп берип, областтан эки жумадан кийин жооп келди; «Бошотуп баардык документтерин колуна берип, бир сыйра кийим кечеси менен өз мекенине кетүүгө уруксаат берилсин».
1938-жылдын 8-март күнү, балдар үйүндөгү балдар, тарбийачылар, мугалимдер жана жетекчиси менен коштошуп 15 жаш курагымда туткундан бошоп, өзүмдүн тулуп өскөн, киндик каным тамган мекенимди көздөй жол тартым.
31-март күнү, Байагы биз узаган Кызылсуу пристанына пароход келип токтоп, өз элиме келип кошулдум.

Мен ушул эскерүүнү жазып жатып, биз менен чогуу айдалган, Кыргызстандан барып ошол жерде көз жумган баардык ата – энелерге, жердештерге таазим кылып, арбактарына башымды ийемин, алардын жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко, ыймандары жолдошу болсун демекмин. Ушунча жыл өтсө да аты эсимде калгандардын арбактарына багыштап куран окуп, бата кылмакмын.
Сүргүнгө айдалып, ошол жерде апаат болгонго, быйыл 2013-жылы 82 жыл толот. Мамлекеттин башчылары, ошол трагедияны эскерип койсо жакшы иш болоор эле. Кийинки муундар мындай коого калгандарды көрбөсүн.
Мен 1941-1945-жылдардагы Ата – Мекендик согушта Военкомат аркылуу бронь менен бүткүл Жети-Өгүз районунан этке төгүлө турган малды Фрунзедеги эт комбинатына айдап барып фронтко эт дайардоо жумуштарын аткарып жүрүп согушка барган жокмун. Броньду агам Шарше алып берип; - «Узактан тукум жок калбасын» - деген. Дайыма военкоматта каттоодо туруп жогорку жумуштарды аткарып жүрдүм.
Ата – Мекендик согуш бүткөндөн кийин Саруу айлындагы «Жаӊы - Айыл» колхозунда эсепчи болуп иштеп туруп, окуумду улантууга максат койуп районго жолдомо сурап бардым. Ал жерде өзүбүздүн айылдан Сыдыков Садык чоӊ экен. Окуйт элем деп жолдомо сурасам, кулактын тукумуна жолдомо берилбейт деп бербей койду. Балким фамилиямды өзгөртсөм окуп кетем деген ойдо, экинчиси, балдарымдын келечегин ойлоп Алжанов деген фамилияны Мажиков кылып өзгөртүп жаӊы паспорт алдым. Анда деле, фамилияӊды өзгөртсөӊ деле кулактын тукуму бойдон кала бересиӊ деп окууга жолдомо бербей койушту. Кийин болгону үч айлык бухгалтерлик курсту окуп калдым. Ошону менен окубай калдым.
1948-жылы үйлөндүм. Ушул жылкы Ашхабат шаарынын жер титирөөсүндө жумушчу армийага чакырылып, 1952-жылга чейин аскерлик милдетти аткарып келип, 1952-жылы Саруу орто мектебинде бухгалтер болуп 1962-жылга чейин иштедим. 1962-жылдан 1990-жылга чейин Жети-Өгүз РайОНОсунда бухгалтерден баштап башкы бухгалтерлик кызматта иштеп, ардактуу эс алууга чыктым. Өмүрлүк жарым Шайымкан экөөбүз, үч уул төрт кызды тарбийалап өстүрдүк. Жетөөсү жогорку билимдүү болушту. Азыр жашым токсондо. Элүүдөн ашык небере чөбөрө көрдүм.
1993-жылы Мекеге барып ажы болуп келдим. Саруу айылынын ардактуу аксакалымын.
1996-жылы Кыргызстандын Генпрокуратурасына Актоо жөнүндө кайрылып, 1997-жылдын 21-январында «Акталды» деген кагазынын негизинде; - Сайасий жана диний ынанымы үчүн Социалдык, улуттук жана башка белгилери бойунча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантийалары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жеӊилдиктердин пайдасын алуудамын.
Элге билим берүү бөлүмүндө кырк жылдан ашык үзүрлүү иштеген эмгегимди эске алып бир неча жолу Грамота жана акчалай сыйлык алгамын. Эмгектин ветераны деген медалы менен сыйлангам.»

—Мажиков Бакир атанын сакатыл калган эскерүүсүнѳн
Алжанов (Мажиков) Бакирдин Чалбасы орто мектебинде окугандыгы тууралуу күбѳлүгү
1938-жылы Саруулук кыргыздар Бакирге ѳз ата-энеңе кат жаз деп кеңеш беришет. Бакир бир нече жолу Саруулук ата-энесине, туугандарына кат жазып, алып кетүүсүн суранган. Бакирдин бѳтѳн жерде жетим калганын угуп, туугандары кеңешип, Узактын кат-сабаты жоюлган иниси Карасартты Украинага жѳнѳтүшѳт. Карасарт он беш жашка чыгып калган Бакирди Сарууга алып келет.

Узактын бир тууган иниси Карасарт

Сүргүндѳн кийинки жылдар

Бакир ата-журтуна кайтып келгенден кийин дагы «кулактын тукуму», «спецпереселенец» деген ат ээрчип жүрѳт. Андыктан Бакир фамилиясын «Мажиков» деп ѳзгѳртүүгѳ дуушар болгон. Бакир 1938-жылдын сентябрынан тарта 1941-жылга чейин Саруу орто мектебинде окуган. Ата-мекендик согуш башталгандан соң ѳз каалоосу менен согушка барууга арыз жазган. Бирок туугандары Узактан жалгыз калган уул деп алып калышат.

Мажиков Бакир атанын акталгандыгы жѳнүндѳгү документ

Бакир ата 1962-жылдан тарта 1978-жылга чейин Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүндѳ башкы эсепчи болуп эмгектенген. 1978-жылдан 1990-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин башкы экономист болуп иштеген.

Бакир ата жана жубайы Шайымкан апа
Бакир ата жубайы Шайымкан менен Жекшенбек, Кѳчкүнбек, Жыргалбек аттуу үч уулду болушат. 1994-жылы 14-октябрда Мажиков (Алжанов) Бакир саясий куугунтуктоолорго кабылып, сүргүнгѳ айдалганы мамлекет тарабынан моюнга алынып, толугу менен акталган.

Мажиков Бакирдин уулдары
Шайымкан апа. Бакир атанын жубайы.
Мажиков Бакир атанын жазып кеткен эскерүүсү. Бакир ата 2013-жылы каза болуп, сѳѳгү Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылында коюлган. Эскерүүсүн сактап, «Эсимде» талкуу аянтчасы тарабынан даярдалган «Кулакка тартуу саясаты жана сүргүн» темасына арналган жыйнакка жарыялоого уруксаат бергендиги үчүн Мажиков Жыргалбекке терең ыраазычылык билдиребиз.

Мен, Алжанов – Мажиков Бакир-ажы, 1923-жылы октябрь-ноябрь айларында, Саруу айлындагы бай адамдын үй бүлөсүндө туулганмын. Багып алган атам Алжан уулу Узак, Саруу айлындагы кытай уруусунан. Энем Таӊсыккожо кызы Көрпөш Тилекмат уруусунан. Өз атам Эшимбек уулу Мажик, Узактан 5-6 жаш кичүү экен. болжолу 1870-1872жылдары туулган. Өз энем Шыгай кызы Мөөркан 1897 жылдары төрөлгөн. Менин тагдырым ушул эки үй-бүлөнүн тагдыры менен ажырагыс байланышта болгон үчүн баянымда катарлаш айтылып кете берет. Кийинки муундар биле жүрсүн үчүн айтып берейин.

Миӊ кара койлуу Узак.

Атам Алжан уулу Узак кытай уруусунан, болжолу 1865-1867 жылдары туулган. Энем Көрпөш айтылуу Тилекматтын акенин үчүнчү уулу, Таӊсыккожонун кызы экен. Атамдан беш-алты жаш кичүү, болжолу 1873-жылдары туулган.
Узактын атасы Алжан атактуу бай болгон. Бул адам койун көбөйтүп отуруп 1 500 башка жеткирген. Жууку ичиндеги кыдыктар менен илгертен аралаш жашаган. Кыдыктар Тоӊго көчкөндө кытай уруусунун жарымы кошо көчүп, Көкөнүн тукуму Эшимбектен башкасы Алжандын баркы менен көчпөй калып калган. Алжан ошол Көкөнүн тукумунан. Эшимбектин көчкөн себеби, кайын журту кыдык, болгондо да кадырлуу Жанай ажынын күйөө баласы болгондуктан аларды кыйбай чогуу көчүп, Тоӊдо бир топ жыл жашаган.
Алжандын мал жайыты Тилекмат уруусу менен коӊшулаш болуп, алар менен алышып беришип жакшы мамиледе жашап турган. Баласы Узак жаш кезинен чыйрак, иштерман жана мал жандуу болуп өскөн. Ал Шалбаадагы моӊолдор уруусунан болгон Байкожо менен кичине кезинен дос болуп, алардын айлына көп бараар эле. Байкожого барып жүрүп, Таӊсыккожонун кызы Көрпөш менен таанышып калат. Каракол уезддинин орун басары болуп кызматта турган кырс кыялдуу Чыныбай, бир тууганы Таӊсыккожого Алжан куда түшүп астына келгенде жылуу кабыл алган. Тилекмат уруусу менен кудалашкандан бери жайыты кеӊейип Оргочор, Шалбаанын Кара-Күӊгөйлөрүнө кенен көчүп конуп жүрө берген. Узакты үйлөгөндөн кийин атасы Алжан, тыӊдыгына ишенип малынын көпчүлүгүн Узака өткөрүп берет. Ошол себептен саруулар жана Жети-Өгүз аймагындагы элдер «1 000 кара койлуу Узак бай» деп атап калышкан. Көп узабай Алжан дүйнөдөн кайтып, үй-бүлөнүн жүгү Узактын мойнуна түшкөн. Алжандын төрт баласы болгон: Узак, Абдылда, Акмат, Карасарт. Иниси Абдылда, жылкы баласын ызааттап, жакшы караган, сооданы жакшы жүргүзгөн адам болгон. Узак Абдылданы жылкыга койуп, жанында ала жүрүп өзүнө энчилеш кылып, малын соодалаттырып турган. Акматтын мүнөзү кырс экен, малга эмес, дыйканчылыкка жакын болгондуктан жакада калып эгин өстүрүп, Узактарды ун, талкан, жем менен камсыздап турган. Эӊ кичүүсү Карасарт, кичинесинен ыр чыгарып, билимге кызыккандыктан, молдо жалдап кат тааныткан. Эл Карасартты «казалчы Карасарт» дешкен. Узак инилерин өзү үйлөп жайланткан. Абдылданын айалы Бүбүбатма, Аӊ-Өстөндүк дөөлөс уруусунан, Сыдык деген кишинин кызы болгон. Кийин Узак сүргүнгө айдалаарда, Сыдык көп жардам берген, Узактын малдарын сатып берип, Украинага айдалып баратканда акча менен камсыз кылган. Акматтын айалы Баалканды, Жети-Өгүздөгү бирназар уруусунан алып берген. Карасарт өзүнүн казалдары, ырлары менен эл кыдырып жүрүп, Барскоондук бапа уруусунан Эсенгелдинин кызы Мария менен таанышып үйлөнгөн.
Узак малдын сырын жакшы билгендиктен, сырттын жайлоосуна жакын Жуукучак капчыгайынын башынан малга ылайыктуу жер табат, бирок суусу алыс эле. Инилери Абдылда, Мажик менен кеӊешип, сууну буруп келсе болоорун байкап чыгышат. Мажик кетмен, күрөк, чукулдуктарын устага даярдатып алып, кийинки жылы тууган теӊтуштары менен бир чакырымдан ашык жерден тоонун боорунан арык чаап сууну буруп келишкен. Арыктын нугун Мажик чийип чектеген. Ушул жерден айта кетчү сөз бар, азыркы «калмак арык» дегендерди Мажике окшогон кыргыздар эле чапкан болуш керек. Ошондон кийин ал жайлоо Бурган-Суу аталып калды.
Узак менен Мажиктин мал жайыттары төмөнкүчө болгон. Кыштоосу Оргочордун күӊгөйүндө азыркы аталышы «акпункут» деген жерде кыштаган. Бул жер күнгөй бет болгондуктан кышы жылуу келип жазында кар эрте кетип чөбү бөлөк жерлерге караганда эрте чыгып оту шыбак аралаш күчтүү болгон. Ушул жерден жазында кой туудурган. Туут бүткөндө Шалбаанын үстүндөгү Кара – Күнгөй деген жерде малын отуктуруп, тойундуруп алып, Саруунун үстүндөгү Эгиз – Карага көчүп келип кой кырктырган. Кыркын бүтөөрү менен Бурган-Сууга көчүп барып бээ байлап кымыз дайардаган. Ал жерге Саруунун аксакал билермандарын чакырып, «Чоӊ үлүш» деген тойун берип, андан кийин отун дайардап алып сыртка эки бөлүнүп көчүп, Кызыл-Эшме, Кумтөрдү күздүн ортосуна чейин жайлап турган. Кызыл-Эшмеде кой менен Узак калып, Кумтөрдө жылкылар менен Абдылда турган. Суук түшөөрдүн алдында кайра Эгиз-Карага көчүп келип Саруунун элин чакырып «Кемеге аш же үлүш» деп аталган үлүш тойун берген. «Кемеге үлүш» менен «чоӊ үлүштүн» мааниси мындай, «чоӊ үлүштө» аксакалдар, куда сөөктөр, айылдын кадырлуу деген билермандары чакырылып, жөнөкөй эл чакырылбагандыктан, аларды күзүндө аксакал билермандарын кошуп кайра чакырып «кемеге үлүштү» берген. Чоӊ үлүштө мал аз сойулса, кемеге үлүштө элдин санына карата бир топ мал сойулган. Малы ар дайым семиз болгондуктан келген элинен алкыш-батасын алып турган. Эл Узакты «миӊ кара койлуу» дешсе, айалы Көрпөштү «казаны майлуу» дешкен. Үлүш тойу бүткөндөн кийин Оргочор тоосуна көчүп барып кыштаган. Жыйынтыгында, бир жылда малына карап жети жолу көчүп конуп турган. Ушундай эмгектин аркасы менен малы эттүү келип, төлүнүн чыгашасы аз болуп тез көбөйүп турган. Мындай берекелүү жашоонун чеги да болот окшобойбу.
Орус келгиндеринин, Кызылсуу менен Жууку сууларынын тегерегиндеги түзөӊ жерлерди ээлеши, жылдан жылга көбөйө берди. Малчылык менен тиричилик кылып ээн эркин жашаган кыргыздарга жер тарый баштады. Узактын жайыты дагы экиге бөлүнүп ортосундагы түздүктү келгин орустар ээлеп алат. 1915-жылы жайында, тоого көчүп жөнөгөндө жылкылары Сүттү-Булактын ылдыйышындагы (азыркы Светлая-Поляна) орустардын эгин талаасына кирип кетип корука түшүп калат. Узак жылкыларды алалбай Кызылсууда жашаган Антон менен Оргочордогу бал челек кармаган «Гүжүман» деген орус тааныштарын ортого салып жатып көп айып пул төлөп, эртеси араӊ чыгарып алат. Ошондо орус тамыры Гүжүман, - «Узак, сеники мал көп, сатып азайтыш керек, эми дагы түшсө баарын алып койушат» -дейт. Айласыздан жайдан баштап кышка чейин, жылкыларынын көбүн жана койлорунун жарымын сатып, алтын акчага айырбаштап салат.
1916-жылы кыргыздын башына түшкөн, кайгысына бүткөн үркүн башталган. Эл орустардан үрккөн маалда Узактар мал жаны менен сыртта Кытайдын чегине жакын жайлап турган мезгили экен. Үркүн башталганда айылда жүргөн Карасарт деген иниси эрте айтып үлгүрүп, алдыӊкылардан болуп Кытайга кыйналбай кирип кетишкен. Кытай аскери чек араны жаба электе эрте өтүп кеткендиктен, мал жаны менен аман эсен болуп жоготууга учурабаптыр. Ал кездеги окуялардан, мисалы, чек арадан өткөндө атам канча бир малын кытайдын доотайларына берип достошконун, так санын айтып калчу эле, азыр эсте жок. Узак туугандары менен 1918-жылга дейре Кытайда жашап, үркүндүн кесепетинен арып, ачкан кыргыздарга малынан тамагына деп таратып турган.
Кытайдан кайра кайтканда койлору жок, болгону мине келишкен аттары менен кайтыптыр.
Жаӊы орногон Кеӊеш өкмөтү кыйналган кыргыздарга өз жашооӊорду өзүӊөр оӊдоп оокатыӊарды кылгыла деп, сайасатка аралашпаган кыргыздарга он жылдай кийлигишкен эмес. Үркүндөн келишсе, ээн калган жайыттардын чөбү желбей калган экен. Ушул он эки жыл жыл ичинде, 1918-жылдан 1931-жылга чейин, Узак мал сатып алып, талыкпай жүрүп көбөйтүп, туут койлорунун санын кайрадан миӊден ашырып «Миӊ кара койлуу Узак» деген атын калыбына келтирген.
Ушунча малга жеткени менен Узак менен Көрпөштүн бир арманы болоор эле. Жаш кезинде Көрпөштүн бойунан түшүп калып төрөбөй калган. Узак 55-жашка чыкса дагы балалуу болгон эмес. Көрпөш менен ынтымактуу бири бирин сыйлап жашагандыктан экинчи айал албаган. Иниси Карасарттын айалынын Калыйча деген үч жашар жетим сиӊдисин асырап алышып, өз кызындай багып чоӊойтушкан. Кыз бирөөнүн бүлөсү дегендей, бойго жеткенде, Көрпөш өзүнүн уйалаш тууганы Тилекматтын небереси Атамкулдун баласы Райымкулга күйөөгө берет. Калыйча кеткенден кийин үйдүн ичи бош калгансып, экөө жалгызсырап калышат.
1924-жылы иниси Мажик, Узактын үйүнө барса экөө таарынышып, жеӊеси Көрпөш ыйлап отурган болот. Узак атына минип малына кетип калгандан кийин жеӊеси Көрпөштөн сураштырса күйөөсү, - «Мынча малды тукумум жок болгондон кийин эмне кылам», деп чыр тукумсуздуктан чыкканын айтат. Мажик Узакты абдан сыйлаган. Ал эч нерсе айтпай үйүнө барат. Ошондо Мажик менен Мөөркан эки эркек балалуу болуп, кичүүсү Бакир бир жаштан экиге карап там туӊ басып, сүйлөп калган экен. Узактыкына барып уккандарын айтып берип айалы Мөөрканга кайрылат,- «Экөө ушунча жыл чогуу жашашып, урушуп талашкандарын уккан жок элем, Көрпөш жеӊемдин ыйлаганын көрүп алып жаман болдум. Бакирди багып алгыла деп берсек кандай болот, бизге Кудай эки бала бергенден кийин дагы деле берээр?» - дейт. Мөөркан да кайнагасы менен жеӊесин сыйлагандыктан эч сөз айтпастан макул дейт. Бирок улуу баласы Шарше бөбөгүн бергиси келбей бир топ чырылдап ыйлап барып сооронот. Эртеси Мажик Бакирди өӊөрүп Узактыкына алып барып боз үйүнүн алдына түшүрүп койуп, тигилер үйдөн чыга электе кетип калат. Эки күндөн кийин Узактар балалуу болдук деп, чоӊ той берип элдин батасын алат.Ушул күндөн баштап эки жашар Бакир Узактын асырап алган баласы болуп калды. Мурунтан көрүп жүргөндүкүбү, айтоор Бакир Узак менен Көрпөшкө бат эле көнүп өз баласындай болуп калды. Узак жылкылардын ичинен тандап бир жорго кула тайды Бакириме деп арнап койду. Ошол кула тай чоӊойуп таза жорго чыкты. Ага кызыгып сурап келгендер көп болду. Аттуу баштуусунан баштап жорго таптагандардан бери келишти. Буга чейин сурап келсе минип жүргөн атын деле бир эки курдай кармата берген Узак, бул сапар жоргону эч кимге берген жок. Жоргону жоошутуп үйрөтүп айырмач жасатып үч жылдан кийин беш жашар Бакирди мингизди (кийин эки жыл өткөндө Кеӊеш өкмөтү ушул жоргону тартып алат, ага чейин бөлөк бир да кишиге мингизген жок).
1924-жылы малым кайра көбөйдү деп, илгери эл үрккөнгө чейин берип жүргөн «үлүш» майрамын кайрадан бере баштаган.
1925-жылы жазында Оргочордо кой тууту жүрүп жаткан маалда Узак менен Мажике эки атчан келип түшөт. Бирөөсүнүн аты Дыйканбай, эл аны кара Дыйканбай дешет экен, экинчисинин аты Эсенбай. Узак аларды коноктойт. Кара Дыйканбай, Эсенбай экөө кытай уруусунан болоорун айтып мындай дейт;
-Узак, Мажик биз силерге бир маселе менен келдик. Азыр Ысык-Көлгө ревкомдун жетекчиси болуп таластык Төрөкул Айтматов деген жигит келди (Чыӊгыз Айтматовдун атасы). Өзү кытай уруусунан Төнтөгөрдүн тукуму экен. Эсенбай Желе-Дөбөдөн болот, биз дагы, силер дагы баарыбыз Төнтөгөрдүн тукуму болобуз. Мен Төрөкулга жолугуп сүйлөшүп келдим. Көлдө Күрмөнтүдө, Сары-Камышта, Төрт-Күлдө, Желе-Дөбөдө жана Саруу деген айылдарда кытай уруулары жашайт. Ушул айылдардагы туугандар чогулуп бир айыл болуп жашайлы деген ойубуз бар, сен жер бөлдүрүп бересиӊби десем макул болду. Чачырабай чогулуп бир айыл бололу деп силерге кеӊешке келдик.
-Кайсы жерди сурадыӊ, жайыты барбы? – дейт Узак.
-Айыл түшө турган жер Жети-Өгүз менен Ырдык сууларынын ортосу, эгин эгип дыйканчылык кылганга түз, топурагы жакшы Сары-Арык деген жерди алууга уруксаат алдык. Жайыты болсо Жети-Өгүз капчыгайынын ичи. Менин малым ошол жерде, - деди кара Дыйканбай.
-Малыӊ канча?
-Тээтиги жайылып жүргөн койлоруӊан меники эки эсе көбүрөөк.
-Силер жакшы кабар менен келипсиздер, биз каршы эмеспиз, туугандар менен кеӊешели, алар деле биздин айтканыбыздан чыкпайт. Жайында саруунун аксакалдарын чогултуп үлүш беребиз, ошол жерден талкуулашып жообун ошондон кийин айталы, - деп сыйлап узатышат.
Жайында Бурган-Сууга көчүп барышып, Саруунун аксакалдарын, билермандарын үлүш тойуна чакырып тамак берет. Тамак ичилип бүткөн соӊ Узак, кытай уруусунун бөлөк айылга көчүүгө чечим чыгарганын ортого салат. Беш атанын билерманы болуп жүргөн кашка уруусунун өкүлү Чекир, үч атанын ырысбай уругунан Шүкүр болуш баш болушуп мындай дешет;
- Айланайын Узаке Мажик, биз ушул Жуукуга келип саруулар чогулуп айыл курганда, «Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуӊкурда бололук» - деп шерттешпедик белек. Ырас, Жуукуга силер бизден мурун отурукташкансыӊар. Бирок биз саруулар силердин ээлеген жериӊерди талашкан жокпуз го. Жайыттын жакшысы силердики, айдоонун да жакшысы силердики, айылдын байлары да силерсиӊер. Биз кай жерибизден силерге туура эмес иш кылдык эле. Кыз алышып куда дагы болдук. Эшимбектин кызы Жамийла Шүкүрдүн уулу Муканбетке турмушка чыккса, Баратбайдын кызы Айаткан Айтактын уулу Абдыкеримге күйөөгө чыгып Чекирге келин болду. Иниӊер Адылбек райымкул Акымбеке күйөө бала болгон. Кетпегиле, эгер кеткиӊер келсе топурагыӊарды түйүп берип кете бергиле, - дешип таарынышат.
Ушул сөздөрдү уккандан кийин кытай уруусу Саруудан көчпөй калат. Төрөкул Айтматовдун жардамы аркылуу Сары – Арыкта 1925-жылы Кытай айылы түптөлүп кара Дыйканбайдын туугандары көчүп келишет. Оо кийин алты жыл өткөндө, Узак, Шүкүр экөө кулака тартылып сүргүнгө айдалганда Шүкүр, «Ошондо көчүп кетсеӊ, балким сен бул күнгө туш келбейт элеӊ» - деп арман кылган экен. Мунун себеби Кытай айлындагы үч миӊ койлуу кара Дыйканбай кулака тартылса дагы Украинага сүргүнгө айдалбай айлында калыптыр.

Азыр Карасарттан болгону Узактар кулака тартылып Украинага айдалып кеткенде чыгарылган казалдан төрт куплет Ишенбай эсинде сактап калыптыр;

Күрпүлдөп аккан суу элеӊ,
Күкүгүм мага туу элеӊ.
Туу жыгылды болду таш,
Артыӊда калды Бакир жаш!

Эки бирдей асыл зат,
Эгем кимге тапшырдыӊ?
Ээрчитип жүргөн Бакирди
Эми кимге тапшырдыӊ?

Өкүмат алды малыӊды,
Көп эле төктү зарыӊды.
Эч кылмышыӊ жок турса,
Кулак кылды баарыӊды…



Узак
1931-жылы жалпы малынын саны мындайча эсептелген – койлору субайлары менен 1 500 баш, жылкысы 300 баш, уйларынын саны белгисиз, төөсү 15-20 баштын тегерегинде болгон. Уйларынын саны белгисиз дегени, жайлоону боктоп булгайт деп, уйлары жатактагы туугандарында болуп, акысына сүтүн ичип тукумунун жарымын алып багып турушкан. Майда малды багууга малчыларды иштетип, ар бирине акысына жылына 12 кой жана бир кыл куйрук төлөгөн. Малчылардын жеген ичкени байдын эсебинен болгон. Жылкыларды болсо иниси Алжан уулу Абдылда жана башка туугандары багышкан.
Ушул жылы жайында тапанчасын асынган өӊү карасур, узун муруттуу, узун бойлуу Сопу деген өкмөттүн ЧКасынын жасоолу (милиция деген ат кийин чыккан), дагы бир топ комсомолбуз деген жаштар, Бурган-Сууга Узактыкына келишти. Булардын баары саруулуктар эле, арасында беш атанын балдарынан Карабала бар экен. Сопунун Сопу болуп, доораны жүрүп турган кези эле, саламга да келбей мындай деген жарлыгын айтты,- «Узак, сага адам күчүн жумшап, эмгекчилерди эзип жүрөт деген айып тагылды», деди кытмыр жылмая. Узак жооп иретинде,- «Кирип тамак ичкиле, эт бышып калды, кымыз ичкиле суусадыӊар го», - деп гана койду. Тоого жөө-жалаӊ чыгып курсактары ачка келишкен жаштар ушуну эле күтүп тургансып Сопунун уруксаатысыз эле кирип кетишти. Муну күтпөгөн Сопу токтогула деп кыйкыра жаздап токтоп калды. Жаштарды таӊ эрте тамактандыртпай алып келген өзү болчу. Коркутуп кой сойдуруп эт жейбиз деген ойунда.Узактар болсо буларды күткөнсүп эт да салып койгон. Сопу бир чети салам айтпаганына да оӊтойсуз болду. Узак муну байкамаксанга салып аттан түш деп үйгө киргизди. Тамактанып бүткөнчө эч ким унчуккан жок. Тышка чыкканда гана Сопу;
-Малыӊды өкмөткө алып, Оргочорго айдап кетебиз, чечим ушундай, - деди.
Узак башын ылдый салып туруп калды. Маӊдай тери менен тапкан адал малын тарттырып ийиш оӊой бекен?
Дагы бир нерсени айтсамбы, айтпасамбы дегендей Сопу ыргылжыӊ болуп турду. Бирок, Узакты карап алып айтууга белсенди;
-Узак, жакында Мажик экөөӊ камаласыӊар, силерди Украинага сүргүнгө айдайт – деди да, жооп күтпөй атын көздөй басты.
Узак чоочуп кетти. Малды алса меникин алат, камаса мени камайт деген ойдо болчу, бирок Мажикти камайт деп түк ойлогон эмес.
-Сопу иним, бери келчи, - деп, Узак жанына чакырды.
Сопу бөлөк айылдардагы байларга өзү басып бармак эмес. Канткен менен, бир чети айылдашы, бир чети Узактын сыйын, үлүш тойлоруна катышып ашын жеп жүрсө, дагы бир жолу, командири топ киши менен келип калып сойушка мал сурап барса, сөзүн эки кылбай өзү тандап берип, торпоктой болгон иригин карматкан эле. Аны кайрып берген эмес. Ушул себептен Узактын жанына барууга туура келди.
-Сопу айланайын, камалсам мен эле камалайын, сүргүнүнө мен эле айдалайын, Мажикти камата көрбө, айдата көрбө - деди жалооруй.
-Камалсын деген чечим чыгып калган, мен аны өзгөртө албайм Узаке. Сүргүндөн калтырууга аракет кылайын, ал үчүн Мажиктин малын алганда сеники кылып каттайм. Антпесе болбойт. Эми Узак, малыӊды өзүӊ айдашып барасыӊ, антпесеӊ тиги жаштар убара кылат – деди Сопу.
-Сен айткандай болсун – деди Узак.
Сопу, сөз бүттү дегенчелик кылып, Узакты карабай атын көздөй басты.
Минген аттары менен он кой кошуп калтырып, калган жылкыларды, төөлөрдү, койлорду комсомолбуз деген жаштар топ топко бөлүнүшүп айдап жөнөштү. Узак, Сопунун буйругу менен койлорун кошо айдашып артында баратты. Көк-Жайыка келгенде жыйырмадай киши тоонун боорунан чөп чаап жүрүшүптүр. Арасынан кашка уруусундагы Чекир досунун баласы Бейше, Узакты тааный койуп жүгүрүп келип;
- Салоом Алейкум айаш ата! – деп жадырап учурашып жиберди.
Узак эӊкейип аттын үстүнөн Бейшенин чекесинен өөп акырын үн чыгарып;
- Өйдө бассаӊ тетиги борчуктун жанындагы бөрү карагаттын түбүндө бир койдун куйругу семиздигинен жарылып кетип жатып калды, аны тигилер көрбөй калды. Кечинде барып сойуп жакага энеӊе жеткизип бер, сорпо ичип калсын»- деп койуп кете берди.
Кийин Бейше, ошол окуйаны кези келгенде айтып жүрдү, - «Атаӊдын көрү десе, ошондо чөпчүлөргө айта койуп, алар союп жеп, бир топ күн жыргашты. Аларга айтпай, Узак атам айткандай энеме жеткирсем болмок экен».
Малды алаарын Узак мурун эле билип, дагы эмне заман болуп кетет деп, ириктерин, жылкылардын бир тобун Аӊ-Өстөндүк Абдылда инисинин кайыны, Сыдык деген кудасына саттыртып койгон эле. Сопулар болсо, жалаӊ туут койдон миӊден ашык кылып айдап кетишкен. Азыркы Оргочор кой багуучу совхозунун койлорунун башы, Узактын жана Мажиктин койлорунан түптөлгөн.
1931жылы май – июнь айларында Узакты кулака тартып, өзүн түрмөгө камаган. Эркекелди Кенжетаева деген коммунист айал Көрпөштү Сарууга чакыртып алып, суракка алган, жанында жети жашар Бакир да бар эле. Ал айалдын;
- «Күйөөӊдүн суусар ичиги кайда? Карышкыр ичиги кайда?»-деп энесине кыйкырган сайын Бакир энесине болушуп өкүрүп ыйлайт.
-« Сурака жолтоо кылбай баланы эшике чыгаргыла!»- деп Эркекелди алкынат.
Бакирди эшике чыгарып салышат.
-«Ачкыла энемди урушпагыла» -деп Бакир ого бетер өкүрүп, эшикти тепкилей баштайт.
Баланы кайра киргизет. Ал болсо энесин кучактап алып ого бетер өкүрүп бакырууда.
Ушул окуя Бакирдин эсинен өмүр бойу чыккыс болуп калды. Кийин арадан жыйырма беш жыл өтүп, Бакир ошол Эркекелди менен жүз көрүшөт. Анда Эркекелди карып калган кези болот. Мурун деле сыртынан көрүп, бирок айталбай жүргөн. Ошол сапар Бакир кичине кызып алган эле. Астынан кезиккенде;
- Эй мастан, сен мени таанып атасыӊбы? - деп каарын чача сүйлөдү.
Кемпир тааный албай бүшүркөдү.
-Мастан, 31-чи жылды эстечи. Бизди кулака тартып, энем Көрпөштү карышкыр ичик, суусар ичик кайда деп кыйнаганыӊ эсиӊдеби? Ошондогу жети жашар Бакир деген бала менмин. Сен баарыбызды Украинада чирип өлөт дедиӊ беле? Ошондо тартып алган карышкыр ичиктер кайда, боз үйлөр кайда? - деп катуу айтты.
Эркекелди эстеп таанып, ыйлап жалбаарып жиберди;
-Айланайын балам, ал карышкыр ичиктериӊди мен кийген жокмун, кедей кембагалдарга таратылган. Боз үйлөрүӊөр болсо колхозчулардын бала бакчасы болуп балдар багылган. Сен мага таарынба берекем. Ал кезде заман ошондой болчу, мен куруйун, партиянын бас деген жагына басып, айт деген сөзүн айтып, кыл деген ишин кылчуубуз- деп, кемшиӊдеп ыйлап, кызып алган Бакирден жалтаӊдап коркуп турду.
Бакир болсо энесинин өчүн алгандай болуп, жана көптөн бери айталбай жүргөн көкүрөктөгү санаасынан арыла түшкөнүн сезип, ыйлаган кемпирди карабай басып кеткен.
Ошол 1931-жылы август айында өкмөттөн чечим чыгып, бай манаптарды, молдолорду, мурун Совет бийлиги орной электе болуш болгондорду, старчындарды, эл бийлегендерди, ата-теги хан болгондордун тукумдарын эзүүчү тап катарында эсептеп жети жылдык мөөнөткө 1 500 түтүн үй-бүлө Кыргызстандан чыгарылып, Украина Республикасына «Спец переселенцы» деген аталыш менен сүргүнгө айдалмай болду.
Бул коогалаӊ кыргыздар үчүн үркүндөн кийинки, экинчи кайгылуу окуйалардын бири болуп калды. Украинага карысынан эмчектеги балага чейин эсепке алганда 7 000 чамалуу, аттуу баштуу кыргыздардын тукумдары сүргүнгө айдалган.
Бакир ал убакта жетиге толгон кези экен, айдалып бараткан жолдогу азап тозоктун баарын көрүп эсте сактап калды. Узактар менен кошо, үркүндөн мурун болуш болгон деп Абыла уулу Шүкүр болуштун үй-бүлөсүн, уулу Шоконду аялы , беш жашар баласын кошуп жана дагы жети жаштагы кичүү баласы Карыпбайды айдаган. Старчын болгон деп Сатыбалдиев Сатаркулду (Сарт деп койушчу) аялы, кызы, уулу Намазды аялы жана эки баласы менен айдаган. Старчын болгон деп Тагылык уулу Ыманаалынын аялы жана Мукаш, Шекин деген балдары үй-бүлөлөрү бала бакыралары менен, жана тестиер болуп калган кичүү баласы Султандар айдалышкан. Дархан айлынан Тагай молдо, Бекболот молдо, Чычкан айлынан Таабалды үй-бүлөсү Кадыр деген баласы, Тилекмат айлынан Чыныбай хандын уулу Жакып, Челпек айлынан Тойгонбай ажы үй-бүлөсү Рафик жана Шафик деген балдары, Кызылсуудан Краснов деген бай орус үй-бүлөлөрү менен айдалган. Булар ошол кездеги жетиден сегизге караган Бакирдин эсинде калып, андан кийин детдомдо жүргөндө эстеп калгандары.
Жети-Өгүз районундагы айдалгандарды Кызылсуу пристанына топтоп, пароход келгиче деп солдаттар менен кайтарып турушкан. Мажик менен Мөөркан Узактардын жолуна деп, куржунга эт ашын салып алып, узатканга ал жерге келип калышат. Бакирди алып калалы деген ойлору да бар эле. Келишсе Көрпөш, Бакирди алып кеткени келишкен го деп, баланы бекем кучактап унчукпай отуруп алат. Муну түшүнгөн соӊ Мажиктер,- «Ой жеӊе биз үчөөӊөр менен коштошолу деп эле келип калдык»,- десе да болбой, баласын кучактаган бойдон сүйлөбөй отура берет. Ошентип Көрпөш пароходко түшкөндөн кийин гана Мажиктер менен бакырып ыйлап кол булгалап коштошот. Көрсө байкуш Көрпөш, Украинадан кайтпасын сезип, биз өлсөк Бакир топурак салып калсын деп тилеген тура.
Мажиктер кайра тартканда, кимден укканы белгисиз, атты жайдак мине салып чаап келаткан баласы Шаршеге Кызыл-Үӊкүрдөн жолугат. Шарше Бакирлерди алып кеткенин укканда аттан ыргып түшүп, жерге жатып алып бир сааттан ашык ыйлайт. Шарше айтканын бербеген көк эле. Эгерде Шарше, Бакирлерди качан алып кетээрин так билгенде, Бакирди Көрпөштүн колунан жулуп алып, аларды өлгөндүн үстүнө көмгөн кылмак. Ошондуктан Шаршеге эртеӊ кетет деп алдап койушкан болчу.
1931-жылы 1-август күнү пароходко салып Балыкчыга чейин алып келет. Балыкчыдан машинага салып Бишкеке алып келип, темир жол вокзалына түшүрүп, милиция менен солдаттардын кайтаруусунда ачык асмандын алдында 15 күн камап турушкан. Кыргызстандын бардык жеринен айдалгандар чогултулгандан кийин, 16-августта товарный поездге салып Украинаны көздөй алып жөнөштү.
Узак бир жылга жетпей, Украинанын Аскания-Нова деген жеринде 1932-жылы жазында каза болду. Көрпөш, Узак өлгөндөн эки жылдан кийин Украинанын Чалбас деген жеринде 1934-жылы дүйнөдөн кайтты. Баласы Бакир, энеси өлгөндөн кийин жетим балдарга кошулуп «беспризорник» болуп жүрүп, жети айдан кийин детдомго өткөрүлдү.

—Мажиков Бакир
Бакир ата жубайы менен

Алагѳз кызы Гүлзат



esimde.org
http://deport.esimde.org/
Made on
Tilda