ЭСИМДЕ
Күйөөлөрүн Херсондо жоготкон аялдардын арманы
Элибизде «Ачта жеген куйканы токто унутпа, токто жеген куйканы түкта унутпа» дейт. Бул накылдын мааниси бейгам турмушта каат жылдарды эстен чыгарба деген эмеспи.
Эзели каат жылдар табияттын мүнөзүнө багыңкы болсо, сталиндик тоталитаризм жылдары совет мейкиндигиндеги элдер, анын ичинде ал кездеги Кыргызстандын калкы каатчылыктан да коогалуу шойкумду баштан кечирген. Каатчылыкта эл азык-түлүктүн тартыштыгынан улам чалгы менен чапкандай куласа, «коллективдештирүү» жана «Улуу террор» чагында миң уктаса түшкө кирбес балээни бийликтен көргөн. Элдин бир жааты ошол апаатта эки, атүгүл үч мертебеден өгөйлөнүп, жапа чеккен. Андай жазмышка 1931-жылы Украинага сүргүнгө айдалган кыргызстандыктар да кабылган.
Арийне Таврия жерине сүргүн болгон кыргыз үй-бүлөлөрдө сталиндик апааттын керкиси жалаң эр кишилердин моюнун чапкан, а жоготуу жана белгисиздиктин азабын аялдар тарткан.
Жангарачева Бүбина, Өзүбекова Салича, Жанузакова Сайра - шондой азапкөй аялдардан. Эмесе, кеп ирети менен болсун.

*****
1937-жылы 30-июлда Ички иштер боюнча СССР Эл комиссариатынын (НКВД) буйругу чыгат. «Мурдакы кулактарды, кылмышкерлерди жана антисоветтик элементтерди репрессиялоо боюнча операция» деп аталган береги буйрук (#00447) тарыхта «Чоң террор» деген аталыш менен белгилүү өнөктүккө негиз болот. Бул документте канча адам канча мөөнөт арасында камакка алынышы керек экени даана көрсөтүлөт. Бул документ, тагыраак айтканда, операция кылдат даярдалып, ВКП(б) БКнын Саясый бюросунда бекитилет.
Бул саясый-криминиалдык өнөктүгүнүн жүрүшүндө 1937-38-жылдары антисоветтик ишмердиги үчүн деген жалган жүйөө менен 1 548 366 адам камалат. Анын ичинде өлүм жазасына 681 692 адам тартылат, лагерге 800 миңден көп адам айдалат.

******
«Мурдакы кулактарды, кылмышкерлерди жана антисоветтик элементтерди репрессиялоо боюнча операция» ошо кездеги СССРдин сегиз убакыт аралыгын камтыган аймагында канат жайып, бир жарым жылга созулат.
1938-жылдын 3-апрелде НКВДнын Николаев облустук үчилтигинин өкүмү менен «совет бийлигине каршы ишмердиги» үчүн тогуз кыргыз атууга кетет.

1. Аширов Ниязалы, 52 жашта;
2. Байбосунов Кожогул, 37 жашта;
3. Бактыгулов Бейше, 49 жашта;
4. Жангарачев Сатаркул, 50 жашта;
5. Жанузаков Исак, 32 жашта;
6. Кондубаев (Кондулаев) Сагын, 42 жашта;
7. Кадырбаев Абдулазиз, 35 жашта;
8. Сатаев Бапай, 41 жашта;
9. Султанов Жапар (Жапания), 41 жашта.

Булардан башка да бир киши он жылга, бир киши беш жылга соттолот.
Дагы алты айдан кийин жогоруда аталган үчилтик контрреволюциячыл улуттук көтөрүлүшчүл кыймылдын активдүү мүчөлөрү деген жалаа менен
61 кишини атууга өкүм болот. Алардын арасында "контрреволюциячыл кыргыз улуттук көтөрүлүшчүл кыймылын түзгөн" деп айыпталган 12 кыргызстандык да бар эле. Алар:
1.Садыров Ибрагимбек, сабаттуу, кесиби - ат багар, 47 жашта;
2.Худайбергенов Ахмат, багбан, 62 жашта;
3. Балтобаев ырзахмат, чаласабат, чайханачы, (аялы бар), 37 жашта;
4. Атамбаев Мамбет, чаласабат, (аялы бар), 63 жашта;
4. Асанов Иса, чаласабат, (аялы бар), 59 жашта;
5. Байзаков Шаб-даналы, сабаттуу, (аялы бар), 63 жашта;
6. Суранов Кыштообай, артелдин жумушчусу, (аялы бар), 42 жашта;
7. Умурзаков Баялы, артелдин жумушчусу, (аялы бар), 35 жашта.
8. Болотов Султаналы, сабаттуу, (аялы бар), 45 жашта;
9. Беденбаев Абдула, артелдин кампасында иштейт, (аялы бар), 38 жашта.
10. Бадягин Семён, чаласабат, артелде жумушчу, (аялы бар), 38 жашта.
11. Исаков Абдусамат, чаласабат, артелде жумушчу, (аялы бар), 55 жашта.
Алардан тышкары беш кыргызстандык эмгек түзөтүү лагерине кесилет. Белгилей кетчү нерсе, өйдөңкү эки тизмесиндеги эркектердин дээрлик баары үй-бүлөсү менен сүргүндө чогуу жүргөндөр. Бадягин Семён болсо Жети-Өгүздүк орус.
*****
Күнкөрсуз Украинанын Херсон облустук мамлекеттик архивиндеги маалыматтардан Чалбасы кыштагындагы “Новый путь” артелинин чарба башчысы Жангарачев Сатаркулдун кичүү аялы, 28 жаштагы Бүбинага байланыштуу материалдар бар. Бүбина Жангарачеванын каты 1939-жылы 11-февралда же күйөөсү топурак жазданып калгандан 10 айдан кийин жазылган.
“1938-жылы март айында менин күйөөм Сатаркул Жангарачев Скадовск районунун Чалбасы кыштагында камакка алынып, Херсондогу түзөтүү үйүнө жөнөтүлгөн. Күйөөм 1938-жылдын май айында Херсондогу түзөтүү үйүнөн мага маянасын алганга тилкат жиберди. Ошондон бери күйөөм кайда экенин билбейм. Зайып катары мени күйөөмдүн тагдыры тынчсыздантат жана аны тапканды каалайм. Башкача айтканда, менин күйөөм Сатаркул Жангарачев кайда экенин билгим келет. Мен 28 жаштамын. Балдарым жок. Менин күйөөм азыр кайда? Тирүүбү? Анысын билбеймин. Ошон үчүн анын дарегин билгенге жардамдашуунузду суранам. Мен тул калдымбы же күйөөм барбы, билгим келет. Менин суроомду жоопсуз калтырбооңузду өтүнөм. Күйөөм тирүү болсо, анысын билгенге жардам берип коюңуз. Менин дарегим: Чалбасы кыштагы, Скадовск району. Жангарачева Бүбина."
Кат жоопсуз калган. Анткени Сатаркул Жангарачевдин улуу байбичеси Салича Өзүбекова 1959-жылы 11-майда Украина ССРинин прокурорунан келген катка Кыргыз ССР коопсуздук комитетинин кызматкерине берген жообу тастыктайт: "Мен Чалбасыда 1933-жылдан 1944-жылга чейин жашадым. Менин күйөөм Сатаркул Жангарачевди 1937-жылбы же 1938-жылбы, так эсимде жок, кармап кетишкен. Ошол боюнча анын тагдырын билбейм. Күйөөм бай-манаптардан болчу. Кайын атамдын чарбасында революцияга чейин 300-400 кой, 10-12 уй, 12-13 жылкы бар эле. Ал мардикерлерди иштеткенин билбейм. Менин күйөөм революцияга чейин бир нече жыл болуш болуп жүрдү. Ошон үчүн өз чарбасы жок болчу. Революциядан кийин совет өкмөтүнүн түрдүү мекемелеринде иштеди."
Өзбекова Саличанын береги сөзү совет өкмөтү "эл душманы" деп айыпталып атылып кеткен адамдардын өлгөнү тууралуу алардын үй-бүлөлөрүнө маалымдабаганын жана маалымдоонун кажети да жок деп эсептегенин тастыктайт.
Панфилов районундагы Тельман атындагы колхоздо жашаган Сайра Жанузакованын 1959-жылы 3-январда Украина ССРинин пркуроруна келген катка берген жообу да «антисоветтик ишмердик» деген жалган жалаа менен айыпталган бейкүнөө шордууларга СССРдин коммунисттик жетекчилиги «Итке ит өлүмү» дегендей мамиле кылышканын айгине кылат.
"Күйөөм Исак Жанузаков 1938-жылдын март айында РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-беренеси боюнча 10 жылга соттолгон. Соттолгонго чейин 1931-жылдан тарта Чалбасы кыштагында жашады. Быйыл, 1959-жылы, сиздердин райондук бөлүмүңүздөрдөн эримдин өлгөнүн тастыктаган күбөлүк алдым. Анда күйөөм колонияда жүрүп, 1944-жылы өлгөнү айтылат. Күйөөм Исак Жанузаковдун өздүк делосун суратып алып, ал туура соттолгонун териштирип көрүүңүздү Сизден өтүнөм. Эгер күйөөм натуура соттолсо, акталсын. Жообунузду күтөм. Күйөөм соттолгонго чейин Чалбасы кыштагындагы райпромкомбинатта кампачы болуп иштеген."

Бул катка жооп бергенден мурда Украина ССРинин прокуратурасы Сайра Жанузаковага күйөөсү тууралуу маалымат бергенден мурда, Исак Жанузаков менен 1930-жылдары Чалбасыда чогуу иштеген адамдарды таап, аларды күбөлөрдүн катышуусунда суракка алат. Ал эми Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы Кыргызстандын коопсуздук кызматына кат жолдоп, Исраил Жанузаков боюнча бар материалдарды сурайт. Кыргыз ССРинин Борбордук Мамлекеттик архиви 1959-жылы 7-апрелде республиканын коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнө
“Караколдогу чек ара комендатурасынын фондунда гражданин Исраил Жанузаковдун 1933-жылдын 1-июлунда чек арадан 100 чакырым ичкериде маң заттарын аткез кылып жүрүп кармалганы жөнүндө документ бар,” деп билдирет.
Кыргызстандын Борбордук архивинен келген жана НКВДнын тройкасынын айыптоо документтеринин негизинде Херсон облустук прокурорунун орун басары, юстициянын советниги Голубенко 1959-жылы 2-июлда “Николаев облустук НКВДсынын алдындагы тройканын токтому күчүндө калтырылсын. Сайра Жанузаковнанын арызы канааттандырылбасын. Бул жөнүндө ага маалымдалсын,” – деп токтом чыгарат.

Прокуратуранын мындай чечимине Херсон облустук сотунун президиуму ошол замат протест билдирген. Ага карабай, Жанузаков жана башка кыргызстандыктар акталбайт. Прокурорлордун эл душмандары тууралуу көз карашын өзгөртүп, алар акталыш үчүн дагы 11 жыл керек болду.


*****
Совет өкмөтүнөн азар тарткандар, алардын укум-тукумдары коммунисттик бийликти өмүр бою каргап өтөрү калетсиз. Буга байланыштуу Нина Дмитриевна Рогачева деген орус аялдын 1931-жылы ВКП(б)нын Пермь шаардык комитетине жазган каты менен учкай таанышкан пайдалуу.
«Силерге, менин кымбаттуу, бир тууган өлкөмдөгү бийик башындагыларга кайрылуумдун себеби мында: силер бардык элдин жашоосун чыдагыс оор кылдыңар! Бүт Россия Совет бийлигинин эзүүсүнөн онтоодо. Кулакка тартылгандар түрмөлөрдө жана сүргүндө онтошууда; бүлүнгөндөр, кедейлер жана ачкалар, үй-бүлөсүнөн ажырагандар, карыялар, аялдар, балдар онтошууда!...
Силер бул онтоону эшитип жатасыңар, бирок көзүңөрдү жумуп, кулагыңарды жаап алдыңар. Силер бийликти жакшылык жана чындык үчүн, эзүүдөн куткаруу үчүн, керемет жана эркин өлкөдө кордолгондор менен эзилгендер болбосу үчүн алгансыңар! Анын ордуна силер өзүңөр сөз жетпес жаман эзүүчүгө жана каракчыдан бетер уялбай талап-тоногон бийликке айландыңар! Силер адамдарды таң эртеден түнгө чейин, атүгүл түнкүсүн, ачка, суукка тоңуп, чарчап, кыжыры кайнап кезекте туруп, нанды, курсак тойгондой тамакты кантип таап жегенди гана ойлогон айбандарга айланттыңар!
Силер эч кандай руханий азык берген жоксуңар, өлбөс, тирүү адам үчүн бар бергениңер- силердин «буржуй», «кулак», «укугунан ажыраган», «ак», «кызыл» деген жек көрүндү сөзүңөргө толгон жалганчы гезиттер. Бул сөздөрдүн баары адамдарды кара санатайлык менен каралоого багытталган жана «агайын», «агайын», «агайын» деген сөздүн ордун ээлеген. «Кулактар», «укугунан ажыратылгандар»-өз адамдарыбыз, агайын-туугандарыбыз, балким, силерден жана менден да жакшы болушу мүмкүн.
Өлкө бүлүнгөн, жарды, жыңайлак, ачка, муздак! Силер эски бийликти жасайт деп шылдыңдаган элеңер, бирок аны өзүңөр да жасоодосуңар: шарап сатып, мурдакылар тыйындап пайда көрүшсө, силер сомдон мүрү теңге аласыңар! Адамдарды атты жана соттоду деп нараазы болчусуңар, эми өзүңөр да соттоп, атып жатасыңар!
Мен сени, «Совет бийлиги» - эзүүчүлөрдүн, кыйноочулардын бийлиги катары, менин бир тууган өлкөмдүн башына түшкөн бактысыздык катары жек көрөм! Балким, силер, «жолдош болшьшевиктер» Теңирдин жазасы экениңерди билбесем, силерди жек көрбөсөм керектир. Силерди бийликке отургузуп, Теңир өзү бизди жазалады...
Балким, Нина Рогачева 1931-жылы 9-февралда жазган катта адилетсиз сөздөр көп айтылгандыр. Бирок бул 110 жыл мурдакы окуяларды жон териси менен сезип көргөн адамдын сөзү. Тарыхый сөз. А тарых, француз ойчулу Вольтер айткандай, «кылмыштардын, алаңгазарлыктын жана балээлердин жыйындысы» болот эмеспи!

Усманов Амирбек Азам уулу



esimde.org
http://deport.esimde.org/
Made on
Tilda